Чек ара кызматы УКМКнын курамына киргизилди

Жазылуу
Тиешелүү токтомго президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, мындан ары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчиси УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп саналат.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына киргизилди. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, тиешелүү токтомго президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

"Чек ара кызматынын УКМКнын курамына киргизилген себеби чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүп, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу болду. Ошондой эле чектеш мамлекеттерден өлкө аймагына жүк, товар, баңгизат жана куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, аткаруу органдарынын функцияларын оптималдаштыруу максатында УКМКга өткөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Кабыл алынган чечимге ылайык, мамлекеттик чек ара кызматынын базасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы түзүлдү. Ал Бишкек шаарында жайгашат.

"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчиси УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп саналат", — деп жазылат билдирмеде.

Принесение присяги членами правительства в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жапаров: Ташиев Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү жоопкерчилигин алды
Жаңы түзүлгөн кызматтын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуштарды бир айдын ичинде киргизүү тапшырмасы берилгени кошумчаланды. 

Белгилей кетсек, буга чейин Садыр Жапаров Баткен облусунун эли менен болгон жолугушууда бийлик Чек ара кызматын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин карамагына өткөрүүгө белсенип жатканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0