Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанга барды

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүКыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумушчу сапардын алкагында Руслан Казакбаев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана кесиптеши Мухтар Тлеуберди менен жолугат.

БИШКЕК, 28-окт. – Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн, 28-октябрда, Казакстанга жумушчу сапары менен барды.

Сапардын алкагында Руслан Казакбаевдин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана кесиптеши Мухтар Тлеуберди менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Мындан сырткары, Казакбаев Казакстандын бир катар мамлекеттик органдарынын жана коммерциялык уюмдарынын жетекчилери менен баарлашат.

“Эки тараптуу жолугушуу учурунда саясат, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, коопсуздук сферасы жана башка кызыкчылыктар талкууланат”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Руслан Казакбаев Россияга барып кесиптеши Сергей Лавров менен баарлашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0