Геосаясатты чагат. Ысык-Көлгө башчы болгон Балбак Түлөбаев тууралуу 7 факты

© Sputnik / Эркин СыдыковБишкек шаардык мэриянын аппарат башчысы болуп иштеп жаткан Балбак Түлөбаев
Бишкек шаардык мэриянын аппарат башчысы болуп иштеп жаткан Балбак Түлөбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Ысык-Көл облусу жаңы жетекчисин тосуп алды. Бишкек шаардык мэриянын аппарат башчысы болуп иштеп жаткан Балбак Түлөбаев эми аталган облуста өкмөттүн өкүлү болуп кызмат кылып бермекчи.

Эске сала кетсек, эки жылдан бери облусту Акылбек Осмоналиев жетектеп келе жаткан, бирок өкмөт аны министрлер кабинетинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары кылып дайындап, ордуна Түлөбаевди жиберди.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги учурда эпидемиологиялык абал курчуп турган Ысык-Көлдүн башына келген жаңы жетекчи тууралуу факты даярдады.

© Фото / Индира МалалиеваБалбай Түлөбаев Бишкек шаардык мэриянын аппарат башчысынан бошоп, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болду
Геосаясатты чагат. Ысык-Көлгө башчы болгон Балбак Түлөбаев тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Балбай Түлөбаев Бишкек шаардык мэриянын аппарат башчысынан бошоп, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болду

Көлдүн кулуну

Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көл-Төр айылында 1972-жылдын 21-сентябрында жарык дүйнөгө келген. Үйдүн кичүүсү. Ата-энеси карапайым кишилер, учурда пенсияда. Балбак мырзанын досторунун айтымында, ал ата-энесине, туугандарына, жакындарына абдан күйүмдүү. Жумасына бир жолу ата-энесине барып ал-жайын сурап, кем-карчын толуктап турат.

Эки кыздын атасы

Балбак Түлөбаев белгилүү публицист, журналист Кубан Мамбеталиевдин кызы Жылдыз Мамбеталиевага үйлөнгөн. Мыкты мектепте, окуу жайда билим алып, жакшы жерде иштеген Мамбеталиева турмушка чыккандан кийин убактысын үй-бүлөсүнө арнаган. Жубайлар эки кызды тарбиялашат, алар Кыргыз-түрк лицейинде окушат.

Кыргызча ырдаганды жакшы көрөт. Азиз Суракматов тууралуу 7 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековАл бир нече кесиптин ээси. Саясий чөйрөдө, ишкерлик тармакта эмгектенген.
Геосаясатты чагат. Ысык-Көлгө башчы болгон Балбак Түлөбаев тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Ал бир нече кесиптин ээси. Саясий чөйрөдө, ишкерлик тармакта эмгектенген.

Жашоодогу мүнөзү, хоббиси

Жакын досторунун айтымында, ал Көлдүн алыскы айылынан шаарга келип, өз күчү менен максаттарына жеткен. Жаны тынбаган эмгекчил, пейили кенен, боорукер, берешен, күйүмдүү, бала кыял, алдым-жуттум сапаты жок киши экенин айтышты. Китепти көп окуйт. Кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Ошондой эле мергенчиликке кызыгып, жаратылышка чыгып турат. Бирок мэрияга иштегенден бери эс алууга көп убактысы болбой калган.

Ветеринар, инженер, менеджер

Балбак Түлөбаев үч кесиптин ээси. Алгач 1990-1992-жылдары Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде ветеринардык факультетте окуган. 1992-1997-жылдары Стамбул университетинин (Түркия) токой чарба факультетинен инженер кесиби боюнча билим алган. Ал эми 2001-жылы Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинен инженер-эколог адистиги боюнча билим алып бакалавр даражасына ээ болгон. 2009-жылы болсо КР президентинин алдындагы Башкаруу академиясында менеджмент адистиги боюнча бакалавриатта окуган.

© пресс-служба мэрии города БишкекЖакын дос-санаалаштары аны эмгекчил, пейили кенен, боорукер, берешен, күйүмдүү, бала кыял, алдым-жуттумдугу жок деп сыпатташат
Геосаясатты чагат. Ысык-Көлгө башчы болгон Балбак Түлөбаев тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Жакын дос-санаалаштары аны эмгекчил, пейили кенен, боорукер, берешен, күйүмдүү, бала кыял, алдым-жуттумдугу жок деп сыпатташат

Жогору кеңеште, Ак үйдө, гезитте иштеген

Иш тажрыйбасын 1996-1997-жылдары "Корис интернейшнл" француз-түрк камсыздандыруу ишканасында КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн кызматкери болуудан баштаган. Андан кийин Токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун жардамчысы, ЖКда депутаттын жардамчысы, парламенттеги Өндүрүш жана бизнести өнүктүрүү комитетинде консультант, КР президентинин Иш башкармалыгында жетекчинин кеңешчисинен тарта биринчи орун басарына чейинки кызматты аркалаган.

Ээрге бекем отурат. Өкмөт башчылыкка аттанган Боронов тууралуу 7 факты

2010-2013-жылдары "Айат" гезитинде редактор, саясий баяндамачы болгон. Мурдагы кесиптештеринин айтымында, ал геосаясатты чагып жазчу. Бул багытта түшүнүгү кенен болуп, окумдуу макалаларды даярдаган. Аталган гезитке иштегенге чейин “Асабага” материал жазып турган.

© пресс-служба мэрии города БишкекБалбак Түлөбаев жубайы Жылдыз Мамбеталиева менен мектеп курагындагы эки кызды тарбиялашат
Геосаясатты чагат. Ысык-Көлгө башчы болгон Балбак Түлөбаев тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Балбак Түлөбаев жубайы Жылдыз Мамбеталиева менен мектеп курагындагы эки кызды тарбиялашат

"Аю" компаниясынан кандайча Бишкек мэриясына келген?

Түлөбаев 2013-2015-жылдары "АЮ Холдинг" ишканасынын президентинин кеңешчиси, андан кийин вице-президенти, 2018-жылы болсо "АЮ Гранд Комфорт" соода борборунун башкы директору болуп иштеген. Ушул эле жылы 15-августта компаниядан кетип Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалган.

Ошол убакта "Азаттык" бул дайындоонун чоо-жайына кызыгып, Түлөбаевден кызматка келишине "АЮ холдинг" ишканасынын директору Шаршенбек Абдыкеримовдун канчалык салымы бар экендигин сураган.

"Мен "Аю холдинг" компаниясы менен эч кандай өнөктөштүк келишим түзгөн эмесмин, эч кандай өнөктөш болгон эмесмин. Мен ал жакта менежер катары жалданып иштегем. Бул жерде Шаршенбек Абдыкеримовдун эч кандай квотасы да, тийиштиги да жок. Мени мэр (Азиз Суракматов) чакырды. Чынында аябай ойлондум, анан мэрге жардам берейин деген чечимге келдим. Мен бул жерде билимим, тажрыйбам жетишинче катуу иштейм. Жетише албай, иштей албай калсам, анда кызматтан кетем. Турмуш өзү көрсөтөт", — деген Түлөбаев.

Ал алгач Азиз Суракматов менен саясий атаандаш болгонун айткан. Тагыраагы, экөө 2004-жылы Биринчи май — Түндүк округунан шаардык кеңешке ат салышкан. Түлөбаев шайлоодо жеңилип калган. Ошол жылдардан бери таанышып, жакшы мамиледе жүрүп, иштешип калышкан.

Москваны багындырган мугалим Кондучалова. Легендарлуу министр жөнүндө 8 факты

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Түлөбаев Бишкек мэриясында эки жылдай иштеди. Аны шаардыктар күйүп-башып иштеген мүнөзүн белгилеп келишет.
Геосаясатты чагат. Ысык-Көлгө башчы болгон Балбак Түлөбаев тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Түлөбаев Бишкек мэриясында эки жылдай иштеди. Аны шаардыктар күйүп-башып иштеген мүнөзүн белгилеп келишет.

Шаардыктарга күйүп-бышканы менен жакты

Балбак Түлөбаевдин ишине, албетте, биз баа бере албайбыз. Бирок учурда социалдык тармактын колдонуучулары “Балбай байке мэриядан кетти, эми бизди ким урушуп турат?” деген сөздөрдү жазышууда. Бул анын элге күйүп-бышканынан кабар берсе керек. Ал эпидемиологиялык абал учурунда азык-түлүк, дары-дармектерди кымбаттаткандарга, санитардык эрежелерди сактабаган шаардыктарга катуу эскертүүлөрдү берип, эмоционалду кайрылууларды жасаган. Маселен, коронавирус Бишкекте кайрадан көбөйүп жатканда: "Эми таарынбагыла, оору күчөсө шаарды жабабыз!" - десе, андан кийин препараттарды алып саткандарга: "Бул күндөр да өтөт, ошондо сүйлөшөбүз!" - деп эскерткен.

Учурда анын Көлгө которулушун облуста эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна байлагандар болууда. Аймакта соңку убакта жуктургандар жана өлгөндөр көбөйүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0