07:19 20 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3240
  • RUB1.0953
Жогорку Кеңештин имараты. Архивдик сүрөт

Акчалуулар депутат боло албай калабы? Шайлоо босогосун төмөндөтүү тууралуу

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
628 0 0

Шайлоо босогосун төмөндөтүү канчалык акталат, олигархтар үчүн тоскоол болуп береби же парламенттик шайлоого кимдер кийлигише алат? Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы башчысы, аналитиктин көз караштарын жана божомолдорун тыңдадык.

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу 2020-жылкы парламенттик шайлоону утурлай ат салыша турган партиялар үчүн босгону 9дан 5 пайызга дейре төмөндөтүү демилгеси менен чыкты. Андан тышкары, шайлоо күрөөсүнүн суммасын 5 миллион сомдон бир миллионго түшүрүү да сунушталууда. Мыйзам долбоорунун демилгечилери мындан улам шайлоого бардык саясий күчтөр, анын ичинде жаш партиялар да катыша алат деп эсептешет. Жаңы түзүлгөн партиялар көпчүлүк учурда парламенттен тыш калып, бул саясий кырдаалдын курчушуна түртөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку жетекчиси Акылбек Сариев парламентарийлердин бул сунушу шайлоо процессин жакшыртуу боюнча системалык иш эмес, популисттик кадам экенин билдирет. 

Бывший глава Центральной избирательной комиссии КР Акылбек Сариев во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку жетекчиси Акылбек Сариев
"Эгер мындай мыйзам долбоору чындап зарыл болсо, аны шайлоого бир жыл калганда эмес, мурдатан эле сунушташмак. Бул көбүнесе саясий чуу жаратуу ыкмасындай көрүнөт. Мындан ары депутаттардын аракеттеринин баары саясий упай топтоого багытталат", — дейт Сариев.

Аталган мыйзам долбоору бийликтен колдоо таппай турганына ынанган Сариев шайлоо босогосунун азайышы өзүнөн өзү парламентте ар кыл саясий күчтөрдүн келишине шарт түзбөйт деген пикирде.

"Олигархтарды арасына алган күчтөр бар экени айдан ачык, партиялардын санына карабай алар кандай болгон күндө да бийликке умтулушат, каржы жагынан аксаган партиялар аларды шайлоо өнөктүгүнө катышууга тартууга аргасыз болушат. Бул калыптанып калган тутумга негизделген, менимче, шайлоого каражатсыз, жылаңач баатырлык менен аттануу дээрлик акылга сыйгыс иш", — дейт Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы башчысы.

Анын айтымында, маңызында өлкөдө партиялык түзүлүш сөздүн түз маанисинде түптөлө алган эмес.

"Бизди алдыда “укмуштай” партиялык келечек күтүп турат. Тигил же бул партиялардын учурдагы абалы, алардын бөлүнүшү, өзгөрүшү, анын ичинде бийликтин партияларынын экиге бөлүнүшү, КСДПнын чабалдашы муну айгинелейт", — деп кебин аяктады Сариев.

Тарых илимдеринин кандидаты, “Разумные решения” аналитикалык борборунун директору Эсен Усубалиевдин пикиринде, бийликтин бул аракети ушул учурда жаңы партияларды түптөө зарылдыгынан кабар берет. 

Директор Общественного фонда Турдакуна Усубалиева, внук политического деятеля Эсен Усубалиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Тарых илимдеринин кандидаты, “Разумные решения” аналитикалык борборунун директору Эсен Усубалиев
"Өлкөдөгү соңку окуяларды, элдин партияларга, парламентке болгон ишеними өчкөнүн эсепке алсак, бул — абдан акыл-эстүү кадам. Мурдагы президент менен мамлекеттин азыркы башчысынын тиреши эсибизде, депутаттардын түркүн аракеттери жана ойлонбой ортого салган пикирлеринен улам Жогорку Кеңештин аброю түшүп баратканына күбөбүз. Мындай көрүнүштөрдүн баары эми саясий күчтөргө залакасын гана тийгизет. Башкача айтканда, шайлоо шарттарынын жеңилдетилиши саясий климаттын алмашышына жана жаңы жүздөрдүн пайда болушуна алып келет", — деди Усубалиев.

Анын айтымында, бул мыйзам долбоору тез арада кабыл алынса, анда окуялар электораттын добушун бөлүштүрүү сценарийи менен кетери турулуу иш.

"Мыйзам долбоору кабыл алынган соң оюнга кошулган партиялардын саны арбып кеткен учурда добуштардын пайыздык катышын кандайдыр азайтуу жүрөт да, чыныгы, каржылык да, саясий да күчкө ээ партиялар озуп чыгат", — дейт серепчи.

Мунун баары бийликтин жаңы партиясы үчүн саясий өрүшкө жол ачуу үчүн жасалып жатканын белгилейт ал.

"Мындай мүмкүнчүлүк орун алышы ыктымал, эгер депутаттардын сунушу өтүп калса, анда жалпыбыз жаңы бир күчтүн жаралышына күбө болобуз. Анан калса, саясий чөйрөнүн бүгүнкүдөй абалын кандайдыр жаңылоону чагылдыруу үчүн ал КСДП же башкалардай эски саясий бренддерди пайдаланбайт", — дейт аналитик.

Шайлоо процесси ушул тапта жаңычыл, реалдуу аракеттерди талап кылат, анткени адамдар куру убадалардан чарчады, кескин түрдөгү жаңы ыкмаларсыз элди шайлоо күркөлөрүнө чейин киргизүү өтө татаал.

"Бүгүнкү бийлик элге кызыктырарлык чечимдерди сунуштоого тийиш экени айкын, болбосо электораттын саясий маанайы курч мүнөзгө өтөт, партиялар анык бир саясий күч боло алышпайт. Ошентсе да Кыргызстан геосаясий оюнчулардын күчтүү таасиринде экенин, өлкөдөгү саясий кырдаал элге сунуштала турган ураандарга жараша болорун унутпоо абзел", — деди Усубалиев.

Евробиримдик, АКШ Борбор Азияда абдан кызуу, активдүү иш алпарары эч кимге сыр эмес, ал эми америкалыктар Кыргызстан менен кызматташуунун жаңы келишимине кол коюуну көздөөдө. Эгер республика алардын айтканына көнбөсө, анда кезектеги “түстүү” өзгөрүү сценарийлери өнүгүшү мүмкүн. Азырынча анын ачык шарттары байкалбайт, бирок өлкөдөгү саясий климаттын болжоп болгус мүнөзүн эске алсак, муну да эстен чыгарбоо шарт экенин баса белгилейт Усубалиев.

Тема боюнча

ЖК депутаттары шайлоо босогосу менен күрөөнү төмөндөтүүнү демилгеледи
Бейшеналиев: билим берүү тармагы шайлоо учурунда көзүр мекемеге айланат
Белгилер:
депутат, Жогорку Кеңеш, босого, шайлоо, Акылбек Сариев

ЭҢ МААНИЛҮҮ