Урандын казылышын колдогон жалгыз депутат: билип туруп ушундайга бардым

Жазылуу
Эл өкүлү Азамат Арапбаев уранды иштетүүгө каршы болгон мыйзам долбоорун өкмөт колго алып, ал боюнча так көз карашын билгизсе болмок деген пикирде.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстанда уран жана торий кендерин казууга тыюу салган мыйзам долбооруна каршы добуш берген жалгыз депутат Азамат Арапбаев эмне үчүн мындай кадамга барганын түшүндүрүп берди.

Бүгүн парламент "Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө жана иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда колдоп, ага 110 депутат макул деп добуш берсе, бир депутат — Азамат Арапбаев каршы добушун берген.

Арапбаев Кызыл-Омполдогу уран кени биосфералык аймакка кирбей турганын айтты. Аны менен катар бул кендин экологияга зыян алып келип жатканын тастыктаган бир дагы изилдөө же илимий далил келтирилбегенин кошумчалады.

"Мен билип туруп эле мыйзам долбооруна каршы добуш бердим, уран оор металлдардын курамына кирет жана аны шамал айдап кете албайт", — деди депутат.

Кен казуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кен тармагына берилген лицензиялар. Тармактар боюнча тизме
Эл өкүлү уранды иштетүүгө каршы мыйзам долбоорун өкмөт колго алып, ал боюнча так көз карашын билгизсе болмок деген пикирде.

"Өкмөт төө куш сыяктуу кумга башын катып туруп алып, мыйзам долбоору боюнча өзүнүн так пикирин билдирбей койду. Эгер макул болсо экологияга, элдин ден соолугуна кандай зыян келтирерин илимий жактан негиздеп бериши керек болчу. Эгер колдобосо илимий изилдөө жүргүзүлүп, коркунучу жок экен деши керек эле", — деди ал.

Эске салсак, Кызыл-Омпол кенинде уран казылып жатат деп жергиликтүү эл митингге чыккандан кийин Жогорку Кеңеш менен өкмөт убактылуу тыюу салуу боюнча токтом кабыл алган. Андан кийин кытай компаниясынын лицензиясы чакыртылып алынган

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0