Бабанов: УКМК Он-Адырдан башка иш боюнча суракка алды

© Sputnik / Нурис АлымбаевЭкс-депутат ЖК Омурбек Бабанов отвечает на вопросы журналистов после допроса в ГКНБ
Экс-депутат ЖК Омурбек Бабанов отвечает на вопросы журналистов после допроса в ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бабанов шейшемби күнү кайрадан Финполго сурак бергени барарын айтты.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Экс-депутат Өмүрбек Бабанов УКМКга сурак берип чыкты.

Анын айтымында, тергөөчүлөр аны Он-Адырдан башка дагы эки иш боюнча суракка алышкан.

"Бул жакка бир иш боюнча келсек, башка иш жөнүндө сурашты. Жооп бердик. Эмне иш экенин айта албайм. Себеби маалыматты жарыялабоо боюнча тил катка кол коюп бергем", — деди Бабанов.

Ал ошондой эле УКМКдан азырынча үчүнчү суракка чакыруу болбогонун, бирок шейшемби күнү Финполго барарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Бабанов 19-августта "Кыргызстан" банкынын иши боюнча Финполго сурак берген. Ал эми эртеси президенттик шайлоонун алдында Он-Адырда сүйлөгөн сөзү боюнча УКМКга кирген. Мурдагы депутат сурак агрессиясыз, тынч өткөнүн билдирип, жума этегине чейин кайрадан Финполго жана УКМКга суракка чакырылганын маалымдаган болчу.

ЖКнын мурунку депутаты Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бийлик менен сүйлөшүп алып келдиби? Өмүрбек Бабанов кайтышы тууралуу
Өмүрбек Бабановго УКМК тарабынан эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн. Ал 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.

Бирок экс-депутат ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кайра ал чечиминен баш тарткан.

Арадан төрт ай өткөн соң, 9-августта Бишкекке келип, тарапташтары менен жолугушкан. Ошол эле учурда УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0