00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Земля на пределе: почему пахотные гектары Кыргызстана стремительно превращаются в пустыню?
08:05
44 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:08
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Будь в курсе
Доктора для почв: как учат кыргызских аграриев лечить «уставшую» землю
20:11
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чолпон-Атага келген премьерлер 12 документке кол койду. Тизме

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министры стран ЕАЭС во время подписания документов в рамках заседания Евразийского межправительственного совета в Чолпон-Ате
Премьер-министры стран ЕАЭС во время подписания документов в рамках заседания Евразийского межправительственного совета в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан 12 документке кол коюлса, анын экөө тапшырма, алтоо буйрук, эки чечим жана бирден макулдашуу менен протокол бар.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында өткөн ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлду.

Ага ылайык, жалпысынан 12 документке кол коюлса, анын экөө тапшырма, алтоо буйрук, эки чечим жана бирден макулдашуу менен протокол бар.

Алар:

1. Дүйнөлүк интеграциялык бирикмелердин жана "евразиялык компанияларды" түзүү боюнча мамилелердин алкагында улуттар аралык компанияларды түзүү тажрыйбасы жөнүндө тапшырма.

2. Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын 2018-жылдын 13-февралындагы № 28 чечимин колдонуу тууралуу тапшырма.

3. Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүү ченемдери жөнүндө буйрук.

4. 2018-жылдагы Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын эсепке киргизүү жана бөлүштүрүү жөнүндө буйрук.

5. Транс чек аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү концепциясы жөнүндө чечим.

6. "Евразиялык өнөр жай кооперациясы, субконтрактация жана технологиялардын трансфери түйүнү" долбоорунун паспорту жөнүндө чечим.

Заседание Евразийского межправительственного совета стран ЕАЭС в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Көлгө келген ЕАЭБ премьерлери боз үйдө отуруп баарлашты. Сүрөт
7. Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагы боюнча кооптуу калдыктардын транс чек аралык кыймылы жөнүндө макулдашуунун долбооруна кол коюу жөнүндө макулдашуу.

8. Евразия экономикалык биримдигинин катышуучу мамлекеттеринин айыл чарба продукциясы, азык-түлүк,  зыгыр буласы, булгаары, пахта буласы жана жүн боюнча 2019-2020-жылдарга карата агрардык өнөр жай комплексин, суроо-талап баланстарын жана сунуштарды өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолдору жөнүндө буйрук.

9. Бажы биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясы жөнүндө 2011-жылдын 22-июнундагы келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколуна кол коюу тууралуу протокол.

10. Евразия экономикалык биримдигинин сотунун жана Евразия экономикалык комиссиясынын финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө (Кызматтык иште пайдалануу үчүн) буйрук.

11. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын мүчө талапкерлигин сунуштоо жөнүндө буйрук.

12. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жери жана убактысы жөнүндө буйрук.

Эске салсак, ЕАЭБге Россия, Казакстан, Армения, Белоруссия, Кыргызстан кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0