Атамбаев Россияга болчу сапары жана кийинки кадамдары тууралуу айтты

© Sputnik / Нурис АлымбаевСитуация на территории дома бывшего президента Алмазбека Атамбаева в Кой-Таше
Ситуация на территории дома бывшего президента Алмазбека Атамбаева в Кой-Таше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы президент ушул шаршемби күнү Москвага эки күнгө бара турганын белгиледи.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ушул шаршемби күнү Москвага учушу мүмкүндүгүн билдирди. Ал мындай пикирин Кой-Таштагы үйүндө чогулган тарапташтары менен жолуккан учурда айтты.

"Балким, шаршемби күнү учуп кетишим мүмкүн. Кайсы жактан жана канчада учуп кетеримди чакырып жаткан тарап чечет. Эки күнгө барып келем", — деди ал.

Атамбаевдин үйүнө кире албай койгон министрдин орун басары. Видео - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин үйүнө кире албай койгон министрдин орун басары. Видео
Журналисттер Атамбаевди Москвага ким чакырганына кызыкты. Өз кезегинде Атамбаев бул боюнча ачык айтуу керек же керек эместигин чакырган тараптан сурабаганын белгиледи. Ал ошондой эле эгер кайтып келе жатканда аны мамлекетке киргизбөө боюнча тапшырма болсо эмне кыларына да жооп берди.

"Буйрук бергени кеп эмес. Бул кайдагы бир колхоз эмес, бул Кыргызстан. Мен кандай болгон күндө да мекениме кирем", — деди мурдагы президент.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында бүгүн сурак алуу үчүн келген ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов жана тергөөчүлөр боюнча пикирин билдирди.

"Чакыруу каты дароо менин өкүлүм — адвокат Сергей Слесаревге берилет. Мен өзүм да Батукаевдин айланасындагы аферанын ачылышына кызыкдармын. Мени статустан ажыраткан чечим боюнча Конституциялык палатанын пикирин күтүм жатам. Ошол эле учурда Слесаревден тергөөгө кандай жардам бере аларыбыз боюнча ойлонуусун өтүндүм. Эгер юристтер макул болсо мен тергөөчүлөрдүн суроолоруна кат түрүндө жооп бере алам", — деди Атамбаев.

Ал өз сөзүндө анын Москвага боло турчу сапары тергөөнүн жүрүшүнө жардам бере аларын кошумчалады.

Атамбаевдин статусунан ажырашы

Эске салсак, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия койгон алты күнөөнүн бешөө негиздүү экенин ырастап, бул боюнча өзүнүн корутундусун дагы билдирген.

Алар: Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, акча адалдаган "Ака инвест" сыяктуу бир нече компанияга тиешеси бардыгы, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер жана ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргоо маселеси.

Батукаевдин иши

Ситуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш  - Sputnik Кыргызстан
ИИМ Атамбаевди күч менен кармоо боюнча тараган билдирүүгө үн катты
Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу делип бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен. 2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0