Элимдин алдында акмын! Атамбаев депутаттарга жооп кайтарды

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года
Пресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев эч качан жоопкерчиликтен коркпой турганын жана Кыргыз Республикасынын президенти кызматындагы ар бир чечими үчүн жооп берүүгө даярдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Мурунку президент Алмазбек Атамбаев аны жоопко тартуу үчүн "экс" макамын алып салуу боюнча парламентте айтылган айыптоолорго жооп кайтарды.

Эске салсак, кечээ, 20-июнда, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Атамбаевдин "иши" боюнча токтомго добуш берип, корутунду Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Атамбаевге иш козгоого негиз бар деп 100 депутат добуш берсе, бешөө каршы чыккан. Эми башкы көзөмөл орган айыптоолорго юридикалык баа бериши керек.

Бул боюнча Атамбаевдин билдирүүсүн анын коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасына жарыялады.

"Жогорку Кеңеш тарабынан менин дарегиме айтылган айыптоолор жеткен сандырактык! Алардын укуктук негизи жок, ойдон чыгарылган имиштерге гана таянган жана учурдагы президенттин саясий атаандашын четтетүүгө болгон умтулуусунан гана келип чыккан", — деген Атамбаев.

Ал ошондой эле бир жылдан ашуун убакыт бою саясатчылар ыплас ушактарды пайдаланып жатканын белгилеген.

Пресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин күнөөсү аныкталбаса, ким кандай жазага тартылат? Комиссиянын жообу
"Бийлик тарабынан мени каралоо үчүн пайдаланылып жаткан депутаттардын кебете-кешпирин кыргыз эли көрдү, өз баасын берди. Алардын Жээнбековдордун үй-бүлөсүнө жагалданып, коркоктук менен шаша-буша Конституцияны бузгандары, башка мыйзамдарды тоготпогондору, документтерди жашырышканы, парламенттин трибунасынан уялбай туруп калп айтышканы чындык менин тарабымда экендигин мындан да кашкайта далилдеп турат. Булар Атамбаевди кантип өзөртө согуп, өчүбүздү алсак деп турушат, анткени Апрель революциясынан кийин алардын көпчүлүгү жеңилдиктеринен, мыйзамсыз жем жеген акырынан жана уурдаган мүлкүнөн кол жуушкан", — деди Атамбаев.

Экс-президент жанындагы адамдардан адашканын, алар кийин душман болуп чыга келгенин белгилеген. 

"Ал эми мени коргоп жаткандардын көпчүлүгү кезинде кызматы жок, ал тургай, мен бийликте турган кезде кордук көргөн адамдар. Мен Кудай алдында жана элимдин алдында акмын! Мыйзам жана абийирим алдында тазамын! Бул жылдардын ичинде аткарган иштеримдин баарын эл үчүн жасаганга аракет кылдым жана анын баары элге калат! Чындык жана мыйзам мен тарапта! Мага намыс – өмүрдөн кымбат!" — деди мурдагы өлкө башчы.

Ал ошондой эле эч качан жоопкерчиликтен коркпой турганын жана Кыргыз Республикасынын президенти кызматындагы ар бир чечими үчүн жооп берүүгө даярдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0