Жаңы министр Чодуев талапкер болгон жаштарга кызмат берүүнү убадалады

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп шайланган Эркин Чодуев. Архив
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп шайланган Эркин Чодуев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркин Чодуевдин талапкерлигин 101 депутат колдоп, бири да каршы добуш берген эмес.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп шайланган Эркин Чодуев буга чейин талапкерликке көрсөтүлгөн жаштар менен кызматташууга даяр. Бул туурасында ал парламенттен колдоо таап чыккандан кийин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Бүгүн депутаттар Чодуевдин талапкерлигин колдоп беришкен, тагыраак айтканда, 101 депутаттын бири да каршы добуш берген эмес. Эркин Чодуев мурда айыл чарба министринин орун басары болчу.

"Министрликке талапкерлигин койгон жаштар менен иштешүүгө даярмын. Расмий түрдө аларды кызматка чакырам. Бизде департаментте жана борбордук аппаратта кызмат орундары бар. Депутаттар белгилегендей, бизге жаңы кан керек. Алардын эмгегинин аркасы менен жаңы иштерди жасай алабыз", — деди Чодуев.

Интервью с молодыми успешными предпринимателями Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин эмнеге жактырбаганын айтты
Мурдагы министр Нурбек Мурашев коомчулуктун сынынан жана ден соолугунан улам өз ыктыяры менен отставкага кеткен. Ошол күнү эле 29 жаштагы фермер, ишкер Тилек Токтогазиев айыл чарба министри кызматына өз талапкерлигин көрсөткөн. Министр болсо реформа жүргүзүүгө убада берип, коомчулуктан колдоо тапкан. Жаш талапкерди "Бир Бол" фракциясы да колдоп, өкмөт башчыга сунуштаган болчу. Бирок Мухаммедкалый Абылгазиев анын тажрыйбасы жок деген жүйө менен сунуштан баш тарткан.

Мындан сырткары, социалдык тармактын колдонуучулары эки-үч адисти министрлик кызматка сунушташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0