Иманкадыр Рысалиев: Жамангулов жалганчы, аны эми текшертем

© Фото / Атабек ЖамангуловДепутат Жогорку Кенеша Акылбек Жамангулов
Депутат Жогорку Кенеша Акылбек Жамангулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин MegaCom компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангулов аны Иманкадыр Рысалиев коркутуп жатканын билдирген.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Иманкадыр Рысалиев "Альфа Телеком" компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангуловду коркутуп-үркүтпөгөнүн айтып, аны "жалганчы" деп сыпаттады. Мындай пикирин ал Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Гид по Бишкеку: здание Жогорку Кенеша Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
"КТ Мобайл" ишканасынын ишмердигин текшерчү депутаттардын тизмеси бекиди
Бүгүн "КТ Мобайл" чыры боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында MegaCom бренди менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангулов аны Иманкадыр Рысалиев коркутуп жатканын билдирген. Ал тургай "үй-бүлө, балдарыңды кара" дегенин айткан. Жамангуловдун айтымында, Рысалиев мындай жол менен "КТ Мобайл" ишканасын ишке киргизүү үчүн каражат которуусун талап кылган.

Рысалиев айтылгандын баарын төгүнгө чыгарып, ал жалган маалымат таратып коомчулуктун башын айландырып жатканын айтууда.

"Мунун баары жалган, мен ага (Акылбек Жамангуловго — ред.) SMS жибергенде "Балдардын келечегин ойлосоң, улуттук компаниянын ишине жолтоо болбо, Казакстандын көзүн карап жүрө беребизби, өзүбүздүкүн да ишке киргизели" дегем. Ал жалганчы. Коомчулукка жалган маалымат таратып, мамлекеттин жетекчилерин адаштырып жатат. Аны ушул иши үчүн күнөөлөйм. Эми укук коргоо органдарынан анын ишин текшерип чыгышын талап кылам. Жамангулов чет өлкөлүк компаниялардын кызыкчылыгын көздөп жатат", — деди Рысалиев.

Ошондой эле депутаттарга да кайрылып, "КТ Мобайл" компаниясынын ишине тоскоолдук кылбоого чакырды.

"Мен аны каматам дегидей прокурор эмесмин да. "Эмнеге өкмөткө, Шаршембиевге (Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы — ред.) ушундай жалган каттарды жазып, ишке тоскоолдук кылып жатасың деп жазгам. Бирок эми иш козгошун талап кылам, жасап жаткан иштерин казып чыгышсын. Ал эми депутаттарга айтарым, "КТ Мобайлга" тоскоолдук кылбасын. Кыргыздар өзүнүн улуттук байланыш операторун түзгөнгө укуктуу. Анын айынан, иштеше албайм деп "КТ Мобайлдын" директору Нурбек Мукамбетов да кызматтан кетти", — деди Рысалиев.

Хочешь разборку? Депутаттар Салымбеков менен Музуралиевдин айтышкан видеосу - Sputnik Кыргызстан
"Хочешь разборку?" Депутаттар Салымбеков менен Музуралиевдин айтышкан видеосу
Рысалиев — "Ачык өкмөт" эл аралык уюмунун катчылыгынын башчысы. "КТ Мобайл" компаниясына кандай тиешеңиз бар, эмненин негизинде Жамангулов менен сүйлөштүңүз?" деген суроого ал "Санарип Кыргызстан - 2019-2023" санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү болгондуктан ишти көзөмөлдөөгө укугу бар экенин айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин "КТ Мобайл" мамлекеттик компаниясы ишке кирбей жатып 170 миллион сомдук карызы бар экени белгилүү болгон. Компаниянын башкы директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу ишкана иштеп баштаса эле жарым жылдын ичинде карыздардан кутулууга болорун билдирген. Компания "Альфа Телеком" ЖЧКсынын базасында ачылмак. Тагыраагы, бир мамлекеттик компаниянын эсебинен экинчи мамлекеттик мобилдик байланыш оператору рынокко чыкмак. Кийинчерээк Эрназар Иманкадыр уулу премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу экени маалым болгон. Буга байланыштуу ал жана башка жетекчилер кызматтан бошотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0