Жээнбеков өлкөнүн маанилүү тармагындагы "соодага" нааразы болду

Жазылуу
Акыркы жылдары Мамлекеттик геология агенттигинин беш жетекчисине кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. "Алтын лицензияларын" берүүдө өлкө менен элдин эмес, тар чөйрөнүн кызыкчылыгы көздөлүүдө. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

"Кенди иштетүүгө же чалгын иштерин жүргүзүүгө лицензия берилип жатканда мамлекет менен калктын кызыкчылыгы четте калып жатат. Айрым топтун гана пайдасы көздөлүүдө. Лицензия алып, жылдап кенди иштетпегендер бар. Алар кийин кайра сатылып кетип жатат. Ушул чөйрөдө иштегендер соода кандайча жүрө турганын жакшы билет. Муну токтотуш керек", — деди өлкө башчысы.

Мындан тышкары, Жээнбеков 2009-жылдан тарта Мамлекеттик геология агенттигинин беш жетекчисине, андан башка бир катар жеке ишкерге 100гө чукул кылмыш иши козголгонун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0