03:29 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8079
  • EUR77.0016
  • RUB1.0846
Кыргызстандын экс-президенти, КСДП лидери Алмазбек Атамбаев мурдагы премьер Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү

Экс-президент: Сапар Исаковдун камалышы — Раим Матраимов үчүн өч алуу

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
829 0 0

Мурдагы өлкө башчысы анын үзөңгүлөштөрү камалып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын экс-президенти, КСДП лидери Алмазбек Атамбаев мурдагы премьер Сапар Исаковдун камалышын бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Раим Матраимов үчүн болгон өч алуу катары баалайт. Ал мындай пикирин "Апрель" телеканалына берген маегинде билдирди.

Экс-президенттин айтымында, камакка алынгандар коррупцияга каршы күрөшүүнүн көрсөткүчү эмес. Атамбаев ТЭЦ боюнча аткаминерлерди камап, күнөөсү жок Кулматов менен Исаковго айып тагууга аракеттер көрүлүп жатат деген пикирде.

"Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов эмнеге камалганын ачык айтып берейин. Сапар Исаков Жээнбековдун өтүнгөнүнө карабай Раим Матраимовду кызматтан алды. Камоо — бул Сапар Исаковдон Раим үчүн өч алуу. Кулматовду эмнеге отургузушту? Анткени ал бажыны Раимдин кишилеринен тазалай баштады. Ош бажысында бир күндө чогулган төлөмдөр 10 эсе өсүп кеткени эсиңерде болсо керек. Бул өтө чоң акча. Кулматовду дал ушул нерсе үчүн отургузушту. Россиянын паспорту, өкмөттүн тапшырмасы менен курулган мектеп үчүн эмес, бул Раим үчүн өч алуу болду", — деди ал.

Эскерте кетсек, Раим Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары "ишенимден чыкты" деген жүйө менен кызматтан алган. Кийин Исаков премьерликтен кеткенден кийин Матраимов "негизсиз иштен алынганын" айтып, өкмөттү сотко берген. Ал соттон кайра мурунку кызматына турууну суранган болчу.

Тема боюнча

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин маеги. Тексттик трансляция
Алмазбек Атамбаев байлыгынын түптөлүшү тууралуу айтты
Белгилер:
Райымбек Матраимов, Сапар Исаков, Алмазбек Атамбаев, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ