Лунара Мамытова командировкага мыйзамсыз чыкканбы? Министрликтин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Лунара Мамытова. Архив
ЖК депутаты Лунара Мамытова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик Мамытованын үч ирет чет өлкөгө чыкканына түшүндүрмө берди.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Эмгек жана өнүгүү министрлиги министрдин орун басары Лунара Мамытованын чет өлкөгө болгон командировкалары тууралуу маалымат таратты.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каденова чуусу: элчи Кылычбек Султанды кызматтан алуу каралып жатат
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова мамлекеттин эсебинен үй-бүлөсү менен чет өлкөгө чыгып жүргөнүн маалымдаган. Ал ошондой эле министрлердин орун басарларынын бири (болжол менен Мамытова) 2017-жылдын июль айында Туринге (Италия), 2018-жылдын апрелинде Дүйнөлүк банктын каражатына Нью-Йоркко окууга барып келгени айтылып жатканын билдирген. Ал эми үчүнчү ирет 2018-жылы Кытайдын Хайнань аралына дипломатиялык паспортун колдонуп барып келгенин айткан. Касымалиева бул маалыматтарды социалдык тармактагы аккаунттан анонимдүү негизде алганын белгилеген.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы Мамытова болгону үч ирет чет өлкөгө чыкканын кабарлады.

Маалыматка ылайык, Мамытова 2017-жылдын 18-29-сентябрь аралыгында чын эле Туринде болгон. Ал социалдык коргоо маселелери боюнча эл аралык Академия уюмунун жетинчи сессиясына катышкан.

Ал эми 2018-жылдын 30-апрелинен 11-майына чейин Мамытова АКШда болгон. Ал жактан "Социалдык коргоо" курсуна катышкан.

"Белгилей кетчү жагдай, жогоруда аталган иш-чарага Лунара Мамытованын атына министрликке чакыруу келип түшкөн. Чыгымдардын бардыгын чакырган тарап төлөп берген. Курс англис тилинде өтүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ведомстводон билдиришкендей, Мамытова Хайнанга барыш үчүн дипломатиялык паспортун колдонгон эмес, ал эмгек өргүүсү учурунда өз каражатына барган.

Министрлик тараткан маалыматта, Мамытова чет өлкөгө барарда алдын ала жетекчиликти кабардар кылып, тийиштүү процедураларды сактаганы белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0