29 жаштагы Жаныбек Абиров Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп дайындалган Жаныбек Абиров. Архив
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп дайындалган Жаныбек Абиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абировдун талапкерлигин шаардык кеңештин коалициясы сунуштаган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп 29 жаштагы Жаныбек Абиров шайланды. Анын талапкерлигин жыйынга келген 41 депутаттын 40ы колдоп берген. Бирөө калыс болду.

Абировдун талапкерлигин шаардык кеңештин коалициясы сунуштаган.

Жаңы шайланган төрага кесиптештеринин көрсөткөн ишеничи үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал мэрия менен биргеликте шаардын келечеги үчүн кызмат өтөй турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0