КСДП Рыспаев партиядан эмнеге чыгарылганын түшүндүрдү, депутат пикирин айтты

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловКожобек Рыспаев
Кожобек Рыспаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат өзүнүн айрым мамилеси менен партиядан сырткары экенин билдиргени билдирүүдө айтылат.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Кожобек Рыспаев өзүнүн мамилеси менен партиядан сырткары экендигин билдиргенин айтып, депутаттын партиянын көз карашына туура келбеген кадамдарын белгиледи.

Бүгүн, КСДПнын саясий кеңеши жыйын куруп, анда депутат Кожобек Рыспаев партиянын катарынан чыгарылган болчу

Партия тараткан билдирүүдө Рыспаевдин айрым айткан сөздөрү мисал катары келтирилген.

"КСДПнын партиялык ишмердүүлүгүндө өлкөнүн келечеги тууралуу сүйлөшүүлөр, тилектештик болгон эмес. Эгер Бишкек ЖЭБи боюнча КСДПнын күнөөсү далилденсе, мен бул партияда кала албайм, анткени биз бул партияда туугандашып жашаган жокбуз", — деген депутаттын айткандары таратылган маалыматта камтылган.

Андан сырткары Рыспаев сөз жүзүндө Бишкек ТЭЦинде болгон кынтык иштерге абдан каршы чыгып жатканы менен, бирок көпчүлүк "авариянын башкы күнөөкөрү" деп атаган Бишкек ТЭЦтин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулун ачык эле колдоодо деген туруктуу пикир жаралганы билдирүүдө жазылган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК төрагасы депутаттардын кол тийбестигин калтырууну өтүндү. Жээнбековдун жообу
"Муну ал четке какпайт жана Нурлан Өмүркул уулун дал ушул кызматка өзү «сунуштаган». Ошондой эле авария болгондон кийин да экс-директордун «башынан бир тал чач түшүрбөгөнүн» биз баарыбыз көрүп турабыз. Сурак берүүнүн ордуна Нурлан Өмүркул уулу дайыма Жогорку Кеӊештин пленардык жыйынында жана Кожобек Рыспаев жетекчилик кылган профилдүү комитеттин жыйындарына чакырылууда. А чынында дал ушул мурдагы директор ТЭЦти модернизациялоодон кийин негизги каражаттарды, анын ичинде жек көрүндү болгон айтылуу аттиштерди дагы ишкананын эсебине кабыл алуу буйругун бухгалтерияга берген", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми депутат Кожобек Рыспаев партиянын мындай чечимин күтпөгөнүн, бул тууралуу ага эч ким кабар бербегенин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Мени партиядан негизсиз чыгарышты жана себептерин айтышкан жок", — деди депутат. 

Ал ошондой эле КСДП тараткан "Эгер Бишкек ЖЭБи боюнча КСДПнын күнөөсү далилденсе, мен бул партияда кала албайм, анткени биз бул партияда туугандашып жашаган жокбуз", — деген билдирүүсү боюнча өз пикирин мындайча билдирди. 

"Мен андайды айткан эмесмин? Кайда айтыптырмын? Балким кимдин бирөө камакка алынган Сапар Исаков боюнча менин пикиримди сураган чыгар. Бул КСДПнын күнөөсү деп мен кантип айтмак элем, алар эмне ТЭЦтин модернизациясы боюнча жооп беришмек беле? Бул айрым кишилердин гана кызыкчылыгы болушу мүмкүн", — дейт эл өкүлү.

Депутат Кожобек Рыспаев - Sputnik Кыргызстан
Кожобек Рыспаевдин айылга каты. Кууратпайын деп Афган согушуна апама айтпай кеткем
Ал өзүн партиянын катарынан эмнеге чыгарышканын мындан ары териштирбей турганын, бирок парламенттеги отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагалыгынан ала алышпай турганын кошумчалады.

"Себеп болушу керек да. Партия аны чече албайт. Эгер мен комитетте иштей албай же, жетектей албай калсам бир жөн", — деди Рыспаев.

Депутат андан сырткары аны парламенттеги КСДП фракциясынын катарынан чыгарууга негиз жок экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0