Юстиция министри кызматынан бошотулду

© Фото / Пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморовЭкс-юстиция министри Айнур Абдылдаева. Архив
Экс-юстиция министри Айнур Абдылдаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдылдаева министрлик кызматта төрт ай иштеди.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Юстиция министри Айнур Абдылдаева ээлеген кызматынан бошотулганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Абдылдаева ишинен "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, башкача айтканда, башка ишке өткөнүнө байланыштуу кетип жатканы айтылган.

Белгилей кетсек, экс-министр бул кызматка үстүбүздөгү жылдын 13-апрелинде дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0