Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары жолукту. Эмне чечилди?

© Фото / пресс-служба ГПС КРРабочая встреча делегаций пограничников Кыргызстана и Таджикистана
Рабочая встреча делегаций пограничников Кыргызстана и Таджикистана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев башында турган жумушчу делегациясы 6-июнда Тажикстандын Бустон шаарында чек арадагы жаңжал боюнча сүйлөшүү жүргүздү.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстан Тажикстан менен мындан ары чек арадагы жаңжал учурунда курал колдонбоо боюнча макулдашты. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев башында турган жумушчу делегациясы 6-июнда Тажикстандын Бустон шаарында чек арадагы жаңжал боюнча сүйлөшүү жүргүздү.

"Жолугушуунун жыйынтыгында акыркы кырдаал боюнча конкреттүү чечимдер кабыл алынды. Анын негизгиси болуп чек арачынын өмүрүнө коркунуч туудурган абалдан тышкаркы учурда курал колдонбоо болуп саналат", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле жоокерлер өзүнүн мамлекетинин тийиштүү мыйзамдарын катуу карманышы керектиги дагы талкууланган. Аймактагы чек арачылар жаңжал чыккан учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү барганга чейин активдүү иш-аракеттерди жасабашы керектиги дагы макулдашылган.

Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек чек арасында ок чыгарылбай турган болду
Мындан сырткары келишимдин негизинде эки тарап тең чек арада жашаган тургундарга алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү болду.

Белгилей кетсек, 4-июнда Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына тажик аскерлери кирип келген. Тажик жоокерлери тактала элек жерде мыйзамсыз жүргөндүктөн КР чек арачылары чыгып кетүүнү талап кылган, бирок алар каршылык көрсөтүп асманга ок чыгаргандыктан кармалган

Өз кезегинде Тажикстан да жаңжал боюнча оюн айтып, кыргыз тарапка кине койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0