"Электр станцияларын" жетектей турган Аскар Эшимбеков деген ким?

© Фото / пресс-служба ОАО "Электрические станции""Электр станциялары" ачык акционердик коомуна башкы директор болуп дайындалган Аскар Эшимбеков
Электр станциялары ачык акционердик коомуна башкы директор болуп дайындалган Аскар Эшимбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскар Эшимбеков 33 жылдан бери энергетика тармагында иштейт. Мындан тышкары, Ош шаардык кеңеште депутат, Жогорку Кеңеште эксперт болуп эмгектенген.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандагы эң ири энергокомпания болгон "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна башкы директор болуп Аскар Эшимбеков келди. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Эшимбеков 55 жашта. Жогорку билимдүү, 1985-жылы Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетин "электр станциялары, түйүндөр жана система" адистигин аяктаган.

Энергетика тармагында 33 жылдан бери эмгектенип келет. Ишмердүүлүгүн Ош ТЭЦинде баштаган.

Бишкек ТЭЦинин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦтеги авариядан кийин камакка алынган энергетика тармагындагы жетекчилер. Тизме
Ош шаардык кеңешинин депутаты, Жогорку Кеңеште эксперт да болуп иштеген. 2006-жылы КР президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Эскерте кетсек, "Электр станциялары" өлкөдөгү алдыңкы компания, жалпы электр кубатынын 98 пайызын иштеп чыгат. Компаниянын курамына жети ГЭС жана эки ТЭЦ кирет. Кубаттуулугу — 3892 МВт.

Ишкананы 2017-жылдын жай айларынан тарта жетектеп келген Узак Кыдырбаев Кылмыш жаза кодексинин 221-беренеси (Коммерциялык уюмдардын кызматкерлери тарабынан укугунан аша чаап колдонуу) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган.

Андан мурунку жетекчи Салайдин Авазов компанияны 2012-жылдан 2014-жылга чейин башкарып, Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча кармалган. Экөө тең учурда УКМКнын тергөө абагында.

Жаңылыктар түрмөгү
0