Сапар Исаков үчүнчү жолу УКМКга чакырылды

Жазылуу
Исаков буга чейин Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылган.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Мурдагы премьер-минист Сапар Исаков бүгүн, 29-майда саат 14:00дө кайрадан УКМКга чакырылганын КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Билдирүүдө эмнеге чакырылганы так жазылган эмес", — деди Жолдубаева.

УКМКнын маалымат кызматы бул боюнча кийин түшүндүрмө берилерин айтты.

Исаков биринчи жолу 26-апрелде УКМКга Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылган.

Экинчи жолу 14-майда чакырылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0