Жээнбеков менен Атамбаев эмнеге жолугушуусу керек. Эксперттердин пикири

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков жана экс-президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Сооронбай Жээнбеков жана экс-президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Партия мүчөлөрү КСДПда тирешүү жок дешсе, серепчилер акыркы саясий окуяларды мисал келтирип, экс-президент менен учурдагы өлкө башчынын ортосунда ажырым бар экенин айтышууда.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү экс-президент Алмазбек Атамбаевге өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен кезигип, сүйлөшүүнү сунуштаганын депутат Ирина Карамушкина билдирди.

Эл өкүлү коомучулукта "Жээнбеков Атамбаевдин адамдарын тазалап жатат" деген кептер жүрүп, экөөнүн ортосунда ажырым пайда болгону айтылып жатканын белгиледи.

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖК депутаты Ирина Карамушкина
Депутат ЖК Ирина Карамушкина  - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаты Ирина Карамушкина

Карамушкинанын айтымында, экс-президент менен азыркы өлкө башчынын жолугушуусу мамлекеттин мындан аркы өнүгүүсү жана ортого от жаккысы келгендердин тилегин таш каптыруу үчүн зарыл болуп турат.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана мурдагы премьер-минист Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков Алмазбек Атамбаевдин орун басары болду
"Алмазбек Шаршенович президент болуп турган кезде өлкөнүн кызыкчылыгына каршы иштеген далай адамдардын сазайын берген. Ошолор тиш кайрап калып, эми өлкө башына кайрадан КСДПнын өкүлү келгенин жактырбай турушат. Тагыраак айтканда, ошол эле реваншисттер партия лидери менен өлкө лидеринин ортосуна жарака кетиргиси келип, ар кандай кептерди таратып жүрүшөт. А биз андайга жол бербей, эки лидер ынтымакта иштеши керек деп эсептейбиз", — деди Карамушкина.

Анын айтымында, атаандаштар "Жээнбеков Атамбаевдин адамдарын тазалап жатат" деген кептерди колдонуп жүрөт.

"Кайсы гана президент болбосун, өзү менен кошо 100 пайыз ишенген адамдарды алып келет. Кийин бир нерсе болсо ошолордон сурап алгыдай болушу керек. Бул кадыресе көрүнүш. Андыктан, экөөнүн ортосу ажырады деген бузукулардын тилеги таш капсын", — деди депутат.

Карамушкина кошумчалагандай, Алмазбек Атамбаев саясий кеңештин сунушуна макул болуп, Жээнбеков экөө саясий татаал жолду бирге басып өткөнүн, бири-бирин жакшы түшүнөрүн кошумчалаган.

Мындан тышкары, депутат Атамбаев менен Жээнбековдун жолугушуусу сөзсүз эле расмий эмес, тар чөйрөдө же бир чыны чайдын үстүндө өтүшү ыктымал экенин айтты.

"Эки лидер тең мамлекеттик резиденцияда жашайт. Алар жолугушуусун эч кимге жар салбай эле, бири экинчисиникине кирип, чай ичип отуруп сүйлөшүп алышы мүмкүн", — деди эл өкүлү.

КСДП фракциясынан депутат Улан Примов дагы эки лидердин жолугушуусу өлкөнүн келечегине пайдасын гана тийгизет деген пикирде.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаКСДП фракциясынан депутат Улан Примов
Депутат ЖК Улан Примов - Sputnik Кыргызстан
КСДП фракциясынан депутат Улан Примов

"Мен партияда ажырым, бөлүнүүлөр болуп жатканын байкаган жокмун. Андыктан Алмазбек Шаршенович менен Сооронбай Шарипович кандайдыр бир консенсуска келиш үчүн гана жолугушу керек деп айта албайм. Менимче өлкөнүн мурдагы башчысы менен азыркы башчысы кезигип, мамлекеттин мындан аркы кадамдарын талкуулап туруусу, пикир келишпестик болбогон күндө дагы зарыл нерсе деп ойлойм", — деди депутат.

Ал эми саясат таануучу Игорь Шестаков КСДПчылар Атамбаев менен Жээнбековдун консенсуска келишин сунушташынын өзү эле партияда ажырым бар экенинен кабар берерин айтат.

© Sputnik / Табылды КадырбековСаясат таануучу Игорь Шестаков
Кыргызстанский политолог Игорь Шестаков - Sputnik Кыргызстан
Саясат таануучу Игорь Шестаков

"Ортодо түшүнбөстүктөр бар экенин мындан эле билсе болот, КСДП фракциясы алгач Исаковдун өкмөтүнүн отчетун жактырып, бир нече күндөн кийин эле позициясын өзгөртүп ийди. Мурда бул жымсалданып айтылып келсе, азыр айкын эле көрүнүп калды. Бул жолку саясий кеңеште Иса Өмүркуловдун болбогону күмөн санатты. Эгер анын келбей калышына өтө маанилүү эле бир себеп чыгып калбаса, партиядагы жарака бир топ эле экенин божомолдоого болот", — деди Шестаков.

Вручение золотых сертификатов лучшим выпускникам школ КР - Sputnik Кыргызстан
Ниязовдун кетиши, Жээнбековдун кадамы. Атамбаев КСДПчылар менен эмнени сүйлөштү
Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев учурдагы президенке оппозиция болгону турат. Бирок Өмүрбек Бабановдой болуп сүйлөшүлгөн оппозиция сценарийи каралган эмес.

"Президент Жээнбеков Исаковдун өкмөтүн отставкага кетирип, өз күчүн көрсөттү. Мындан кийин аны парламенттеги саясатчылар менен тышкы өнөктөштөр колдоого алышы мүмкүн. Андан тышкары, президенттин бийликтин жогорку эшелонундагы коррупцияны жок кылабыз дегени коомчулукта колдоо тапты. Ал эми өлкөгө конструктивдүү оппозиция керек. Эгер бийлик менен оппозиция диалогго келе алса, мунун пайдасы гана тиет", — деди саясат таануучу.

Шестаковдун пикири боюнча мындан аркы саясий абал КСДП лидери менен учурдагы президенттин диалогунан көз каранды.

Ушундай эле пикирди дагы бир саясат таануучу Марс Сариев дагы билдирди.

Анын айтымында, Исаковдун премьерликтен кетиши Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда тирешүү бар экени ачык эле көрсөтүп койду.

© Sputnik / Жоомарт УраимовСаясат таануучу Марс Сариев
Политолог Марс Сариев - Sputnik Кыргызстан
Саясат таануучу Марс Сариев

"КСДП фракциясынын кадамы партияны экиге бөлүп салды. Учурда ынтымак дагы, партия дагы жокко эсе. Саясий кеңеште азыркы президентти колдогон маанилүү фигураларды көрө алган жокпуз", — деди Сариев.

Анын пикиринде Жээнбековдун азыркыдай бекем позициясы көпкө узабай калышы мүмкүн.

Атамбаев: Сооронбай Жээнбековго мен айтпасам ким айтат - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: Сооронбай Жээнбековго мен айтпасам ким айтат
"Коопсуздук кеңешинде ал жогору жактагы коррупция менен аеосуз күрөшөрүн айткан. Ошондон кийин эл андан чечкиндүү кадамдарды күтүүдө, бирок президент кечеңдетип жатат. Атамбаев менен Жээнбековдун диалогу өлкө үчүн абдан зарыл экенин айтпасак деле түшүнүктүү. Анткени мындай тирешти үчүнчү күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн", — деп эсептейт саясат таануучу.

Ал кошумчалагандай өлкөдөгү туруксуздук эки тарапка тең керек эмес. Андыктан мамлекеттин келечеги үчүн партия лидери менен өлкө башчысы компромисске келүүсү зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0