БИШКЕК, 26-апр. – Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов отставкага кетпей турганын жергиликтүү телеканалдардын бирине маек куруп жатып билдирди.
Эскерте кетсек, кечээ, 25-апрель күнү, шаардык кеңештеги “Республика — Ата-Журт” фракциясынын депутаттары мэрдин ишин канааттандырарлык эмес деп тапкан.
Ибраимов калаа башчысы жумуштан кетет деген кеп ушактын деңгээлиндеги сөз экенин айтып, мэрди отставкага кетирүүнүн жол-жобосуна токтолду. Анын айтымында, РАЖдын чечими мыйзамдуу күчкө ээ эмес.
“Мэрди дагы ишеним көрсөтпөө жолу менен кызматтан кетирүүгө болот экен. Мен дагы карап чыктым. Болгону мында депутаттардын 30унун добушу керектелет”, — деди шаар башчысы.
Мындан сырткары, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Ибраимов отставкага кетүүдөн коркпой турганын, эгер кызматтан кетип калса коюлган максаттарды аткарууга жетишпей каларына өкүнөрүн белгиледи.
Ибраимов шаар мэрлигине 2016-жылы келген.