Парламенттеги оппозициялык 3 фракция өкмөттүн былтыр жасаган ишин жактырган жок

Жазылуу
"Республика — Ата-Журт", "Өнүгүү — Прогресс" жана "Ата Мекен" фракциялары өкмөттүн былтыр жасаган иштери боюнча отчетун укту

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт", "Өнүгүү — Прогресс" жана "Ата Мекен" фракциясы өкмөттүн 2017-жылы жасаган иши боюнча отчетун угуп, аны канааттандырарлык эмес деп баалады.

Үч фракциянын депутаттары өкмөттүн отчетун саат 11:00дөн тарта угуп, түштө бир саатка танаписке чыкты. Андан соң саат 20:00гө чейин отчет угуу улантылып, талкууга алынды.

Жалпысынан депутаттардын басымдуу бөлүгү өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп тапты. Болгону эки гана депутат өкмөткө жакшы баасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0