БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов кызматынан өз эрки менен кеткендигин облус жетекчилигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, Кудайбергенов арызын 9-ноябрь күнү жазып, кесиптештери аны жылуу узатышкан.
Кудайбергеновдун кызматтан кетүү себептери айтылган жок. Ал Чүй облусунун башчылыгына 2015-жылдын июль айында дайындалган.