01:17 20 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Кубанычбек Кулматовдун архивдик сүрөтү

Депутаттар Кулматовдун ийгилик сырына кызыгышты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
99 0 0

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеп келген Кубанычбек Кулматов ага чейин президенттин кеңешчиси, Бишкек мэри болгон.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Депутаттар Улуттук банктын төрагасы болуп шайланган Кубанычбек Кулматовго суроо берип жатып анын ийгилик сырына кызыгышты.

Белгилей кетсек, бүгүн эл өкүлдөрү Кулматовдун талапкерлигин карап, көпчүлүк добуш менен колдоп берди.

Талкуу учурунда "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Кулматовдун акыркы алты жыл ичинде майлуу-сүттү кызматтарды аркалап келгенине токтолду.

"Акыркы алты жылды алсак сиз жалаң гана майлуу-сүттүү кызматтарды аркалап келдиңиз. Бажы кызматы, Чүй облусунун губернатору, Бишкек мэриясы, президенттин кеңешчиси, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду, эми Улуттук банк. Ийгилик сыры эмнеде? Башкалар да билип алсын", — деди Сулайманов.

Улуттук банктын төрагалыгына талапкер Кубанычбек Кулматов сырдын баары мээнетте экенин айтып, жакшылап иштөө керек экенин кошумчалады.

"Иштеш керек. Сыры ошондо. Кайсыл гана жумушка барбайын жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жаттым", — деди Кулматов.

Ал эми Сулайманов талапкердин сөзүнө кошулбастыгын, мурда иштеген жерлеринде өнүгүү байкалбаганын айтты.

Буга чейин Улуттук банкты Толкунбек Абдыгулов жетектеген. Август айында ал биринчи вице-премьер болуп дайындалды.

Ал эми Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп, андан кийин Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеп келген.

Тема боюнча

ЖК комитети Улуттук банктын төрагалыгына Кулматовдун талапкерлигин колдоду
Белгилер:
Улуттук банк, Кубанычбек Кулматов
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ