Жан сактаткан бодо мал, стипендия жана эски "Жигули". Министрлердин кирешеси

Жазылуу
Кыргызстанда министрлер жана мамлекеттик комитеттердин жетекчилери канча табары анык болду.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Аткаминерлердин киреше жана чыгымдары тууралуу декларациялары жарыяланды. Бул ирет кеп министрлик жана мекеме жетекчилери туурасында жүрөт. Мамлекеттик кадрдык кызматтын сайтында азыркы гана эмес, мурдагы жетекчилер (соңку жылдардагы) жана алардын жакын туугандарынын мүлктөрү туурасында да маалыматтар жайгаштырылган.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы министрлер, комитет жетекчилери, алардын орун басарлары жана маанилүү кызмат башчыларынын декларацияларынан көңүлдү бурган жагдайларды таап чыкты. Кызыктар али алдыда.

Тамашага окшош…декларация

Первое заседание 6 созыва Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жаңы чыккан унаалар, белекке берилген миллиондор. Депутаттардын эмне мүлкү бар
Эгерде кагазга ишенсек, аткаминерлердин басымдуу бөлүгүнүн автоунаасы жок экен. Бирок алардын катарынан жакында эле кызматынан кеткен маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетов өзгөчөлөнүп турат. Тапшырган декларациясына көз жүгүртсөк, беш темир тулпары бар экен. Алар – Mazda 626, Toyota Mark, BMW жана эки Mercedes.

Батир маселеси

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов турак жайга байыраак — аянттары 37, 38 жана 54 чарчы метрлик үч батири бар. Андан айырмаланып, көптөгөн министр жана орун басарлар бир дагы батир менен мактана албай турганы кагазда ташкатамга баскандай жазылып турат. Ошентип, көптөрүнүн үстүндө үйү жок болуп чыкты.

Жан сактаткан бодо мал менен стипендия

Көпчүлүк декларанттардын кирешелери маяналарынан гана турат. Бирок маңдай тери менен тапканынан кем болбогон кошумча кызыктуу кирешелери да бар. Маселен, ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков бодо мал сатуудан 600 миң сом пайда тапкан. Ал эми анын мурдагы жетекчиси Мелис Турганбаев мындай бизнестен 3,6 миллион киреше көргөн. Күч органдарынын жетекчилеринен алардын тобунда УКМК төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков да бар — бодо мал соодалоодон тапкан кирешеси 700 миң сомду түзгөн.

Ал эми юстиция министри Уран Ахметов былтыр 107,5 миң сом өлчөмүндөгү маянасынан тышкары 994 миң сом стипендия алган.

Транспорт министрлигинде иштегендердин жеке транспорту жок болуп чыкты….

Депутаты Жогорку Кенеша во время заседания - Sputnik Кыргызстан
Үрүп чыгар ити жок депутаттар. Тизме
Мында тармактык ылгоо бар. Маселен, транспорт жана коммуникация министри Жамшитбек Калилов, анын эки орун басары, Автомобилдик жана суу транспорту мамлекеттик агенттигинин башчысынын жеке унаасы жок (?!). Ал эми алардан арасынан Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев гана унаалуу экен. Анын бири "Жигули", тагыраагы 20 жыл эзелки ВАЗ-2105 болсо, экинчиси Mitsubishi Pajero болуп чыкты.

Айыл чарбасы, азык-түлүк өндүрүшү жана мелиорация министрлигинин 14 аткаминеринин ичинен төртөөндө гана жер тилкелери бар. Бул жагынан эң камдуусу Суу чарбасы жана мелиорация департаментинин башчысы Көкүмбек Таштаналиев деп айтса болот, ал 2,2 гектар жерге ээлик кылса, калгандарыныкы алдаганча аз дешти. Мисалы, министр Нурбек Мурашевдун 25 сотых, ал эми орун басары Жаныбек Керималиевдин болгону 6 сотых жери бар деп жазылыптыр.

Бийлик өкүлдөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент, төрага, премьер-министрдин байлыгы канча? Декларация
Көпчүлүк тамашалагандай, эң татаал жумуш – Каржы министрлигинде: акча толтура, бирок анын баарына ээлик кыла албайсың. Кепти олуттуу нукка бурсак, тогуз жогорку аткаминердин сегизи былтыр маяна менен гана күн кечирген болуп чыкты. Бир гана министрдин орун басары Улукбек Кармышаков айырмаланып, педагогикалык ишмердиктен 25 миң сомдон ашуун кошумча каражат тапкан.

Жашыруун сыр кимдики?

Киреше боюнча жашыруун сыр УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевге (327 миң сом деп көрсөтүлгөн) эмес, башкы милиционер Улан Исраиловго таандык. Былтыркы жылдын аягында кызматка дайындалган министр болгону 78 миң сом тапкан, "калган маалымат жашыруун". Декларациясында ушинтип жазылып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0