21:38 19 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2210
  • EUR79.2319
  • RUB1.0782
Портфельчен адам. Архив

Президенттикке талапкер катары пенсионер арыз берди

© AFP 2018 / GREG BAKER
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)
408 0 0

Президенттикке талапкерлердин саны 19га жетти

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү арызы пенсионер Анвар Сартаев тарабынан түшкөнүн БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Билдирмеге караганда, Сартаев 62 жашта. Ошентип президенттикке талапкерлердин саны 19га жетти.

Алар — Назарбек Нышанов, Өмүрбек Текебаев, Арстанбек Абдылдаев, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камила Шаршекеева, Таалатбек Масадыков, Өмүрбек Бабанов, Рита Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Сагынбек Абдрахманов, Мукар Чолпонбаев, Кубан Чороев, Анвар Сартаев, Бакыт Төрөбаев (Өнүгүү Прогресс саясый партиясынан), Темир Сариев ("Ак-Шумкар" саясий партиясынан) жана Турсунбек Акун (Адам укугу саясий партиясынан) болду.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өткөрүлөт. Талапкерлерди көрсөтүү 1-августка чейин созулат.

Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)

Тема боюнча

Турсунбек Акун президенттикке талапкерлигин койду
Президенттик шайлоодо үгүт иштерин 258 ЖМК чагылдырат
Белгилер:
шайлоо, Борбордук шайлоо комиссиясы, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ