БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү арызы пенсионер Анвар Сартаев тарабынан түшкөнүн БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге караганда, Сартаев 62 жашта. Ошентип президенттикке талапкерлердин саны 19га жетти.
Алар — Назарбек Нышанов, Өмүрбек Текебаев, Арстанбек Абдылдаев, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камила Шаршекеева, Таалатбек Масадыков, Өмүрбек Бабанов, Рита Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Сагынбек Абдрахманов, Мукар Чолпонбаев, Кубан Чороев, Анвар Сартаев, Бакыт Төрөбаев (Өнүгүү Прогресс саясый партиясынан), Темир Сариев ("Ак-Шумкар" саясий партиясынан) жана Турсунбек Акун (Адам укугу саясий партиясынан) болду.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өткөрүлөт. Талапкерлерди көрсөтүү 1-августка чейин созулат.