Атамбаев: Россия тараптан ар дайым бир туугандык колдоону сезип келем

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушуу учурунда
Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйлөшүү учурунда тараптар эки өлкө ортосундагы негизги маселелерге токтолуп, саясий, соода-экономикалык, маданий жана илимий жактан кызматташууну өнүктүрүү тууралуу кеп козгошот.

МОСКВА, 20-июн. — Sputnik, Мария Шелудякова. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушуу учурунда Кыргызстанда кырдаал жөнгө салынып, мамлекет өнүгүү жолуна түшкөнүн баса белгиледи.

Кремлде Атамбаев менен Путиндин чакан чөйрөдөгү жолугушуусу башталды. Сүйлөшүүнүн алдында өлкө башчылары салтанаттуу түрдө Кремлдин Георгиев залына чыгып, музыканын коштоосунда учурашып, андан соң эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

"Бүгүнкү күнү биз аймактык, эл аралык маселелерди талкуулай алабыз. Эки өлкөнүн мамилесин өнүктүрүү боюнча чакан жана кенен чөйрөдө да кесиптештер менен сүйлөшүүгө жол ачылды ", — деди Путин.

Өз кезегинде Атамбаев президенттердин кечээки бейрасмий жолугушуусунда толук жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк болгонун айтты.

"Менин кызматтан кетээриме деле аз убакыт калды. Бирок Кыргызстан Россия менен ушундай эле мамиледе каларына ишендирип өтөйүн",— деди Атамбаев.

КР өлкө башчысы өзүнүн президент болуп турган убагында негизги жумушу катары "Россия менен бир туугандык алаканы чыңдоо" болгонун кошумчалады.

Жамгыр алдындагы оркестр. Атамбаевди Кремль өзгөчө салтанат менен тосуп алды - Sputnik Кыргызстан
Жамгыр алдындагы оркестр. Атамбаевди Кремль өзгөчө салтанат менен тосуп алды
"Мен президент болуп турган убакта Россия тараптан материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүлүп жатты. Бул чыныгы бир туугандык мамиле. Силердин колдооңор менен көп маселе, кыйынчылыктарды жеңе алдык", — деди Атамбаев.

Маалым болгондой сүйлөшүү учурунда тараптар эки өлкө ортосундагы негизги маселелерге токтолуп, саясий, соода-экономикалык, маданий жана илимий жактан кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу кеп козгошот.

Эскерте кетсек, Атамбаев Россияга мамлекеттик сапары менен 19-июнь күнү учуп кеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0