Баш мыйзамды өзгөртүүдө чыккан чырлар: Атамбаев, Текебаев, Исаев, Акаевдердин айтышы

Жазылуу
Көпчүлүк адистер буга чейин 2005 жана 2010-жылдагы төңкөрүштөр Конституцияны негизсиз өзгөртүүдөн улам чыккандыгын айтып келишет. 2016-жылдагы Конституция өзгөртүү эмнеге алып келерин келечек көрсөтөт. Биз Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси кандай чырларга себеп болгонуна токтолдук.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев жана "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев тирешип, анын арты менен Роза Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө ачуу сындар айтылды. Ал ортодо Баш мыйзамдын түп нускасы жоголуп, дүйнө жүзүнө уят болдук. Эки дөөнүн тиреши көпчүлүк коалициясынын урашы менен аяктап, өткөн аптада бийликчил делген Канат Исаев менен Жанар Акаев бийликке каяша иретинде ачуу сындарын айтышты. Бул чырдын түбү барып бир тамырга такалат. Ал — Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү. 

Бул ирет Sputnik Кыргызстан агенттиги президент Алмазбек Атамбаевдин референдум жолу менен Конституцияны өзгөртүү аракети кандай чырлар менен коштолгонун эстеп көрдү. 

Чиеленген чырдын башы…

Үстүбүздөгү жылдын июль айынын соңунда күтүлбөгөн жерден Жогорку Кеңештин сайтына жаңы Конституциянын тексти илинип, коомдук талкууга коюлду. Мына ошондон тартып бийлик расмий түрдө референдум жолу менен Баш мыйзамга өзгөртүү киргизиле турганын жар салды. Эң кызыгы, демилгечилердин катарында "ата мекенчилердин" жок болуп чыгышы. 

Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Текебаев референдум дайындоо мыйзамына "макулду" басып алды
2013-жылы эле Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов жана Чыныбай Турсунбековдор Конституцияны өзгөртүүнү демилгелеп, аларды президент токтотуп койгон. Ал эми биринчи сессияда референдум өткөрүү эрежелерин камтыган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке дал ушул "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, дагы бир мүчөсү Алмамбет Шыкмаматовдор алып чыгышкан. Шахмат талаадагы саясий жүрүш башка нукка бурулуп, "ата мекенчилер" кагаз бетинде гана демилгечи болуп, чындыгында борттун арткы бетинде калышты. Бийликтин бул мамилесине көнбөгөн Текебаев дароо маалымат жыйын куруп, Атамбаевди Конституцияны өзгөртүп, бийликти сактап калууга аракеттенип жатат деп айыптады.

Мына ушундан тартып чыр от алды. Көп өтпөй Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Роза Отунбаева, Эмил Каптагаевдер Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы экендигин жар салышты. Албетте, бул кадам президентке жакпай, 31-август күнү Атамбаев Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн күнөөлөп, учурдагы Конституцияга бир катар "мина" коюлгандыгын, референдумга добуш бергендердин көпчүлүгү Роза Отунбаева президент болуп шайланып жатканын билбегенин балп эттирди. 

Президенттин ачуу сөздөрү Убактылуу өкмөттөгү үзөңгүлөштөрдүн ортосунда ажырымды пайда кылды. Ошентип Атамбаев баштаган КСДПчылар аркы өйүз, Текебаев, Отунбаева баштаган саясатчылар берки өйүз болуп калышты.

Өлкө башчынын командасы кайрадан мародерчулук темасын козгоду эле, Өмүрбек Текебаев президент Атамбаевге Максим Бакиевдин жерине там салып жатат деген кине койду.

Ал ортодо Баш мыйзамдын өзгөрүүсүнө каршы чыккан Чолпон Жакупова баштаган жарандык коом Текебаев тарапка өтүп, өзгөртүүлөрдү мыйзамсыз деп аташты. Ал эле эмес, элдик Курултай өткөрүп, өзгөртүүлөр токтотулсун деген резолюция кабыл алынды. Анткен менен курултайдын резолюциясы кагаз бетинде гана калып, чымын чакканчалык да таасир бере алган жок. 

Чыракка май таамп…

Иса Өмүркулов баштаган КСДП фракциясынын депутаттары эч бир тоскоолдуктарга моюн сунбай, Баш мыйзамды өзгөртүү аракетин токтотушкан жок. Ошентип биринчи окууда демилгени көпчүлүк депутаттар колдоп берди

Депутат Канатбек Исаевдин архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Канат Исаев: бирөөнү коркутуп, колун бурай турган шашылыш кырдаал эмес
Анткен менен демилгечилердин бири "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев сунуштары эске алынбай жаткандыгын айтып, үн ката баштады. Ошентип Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандардын катары калыңдап, "Өнүгүү — Прогресс" берки өйүзгө өттү. Бул кадамга ачуусу келген КСДП "Ата Мекен" менен "Өнүгүү — Прогресс" фракцияларын коалициядан чыгып кетүүгө чакырды. 

Окуя парламент менен гана чектелбей, Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы кадам катары КРдин Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов кызматын тапшырды.

"Ата Мекен" президенттин аппаратын жакалап, аппарат Текебаевди такалап…

Мыйзам долбоору кайрадан экинчи окууга киргизилди. Бирок мында баштапкы демилгелердин айрымдары айла жок алынды. Анткен менен бул каршы чыккандарды токтото алган жок. Ак үйдө акыйнек айтышкандар көбөйүп, чаламандын чак түшүндө Баш мыйзамдын түп нускасы жоголгондугу маалым болду. Баш мыйзамды жоготтуңар деп "Ата Мекен" президенттин аппаратын жакаласа, аппарат өкүлдөрү Текебаевди такалап турушту. Саясатты саат сайын сүйлөшүүнү жакшы көргөндөргө жакшы кеп табылып, Конституциянын жоголушу башкы темага айланды. Окуянын масштабы кеңейип, кошуна өлкөлөр түп нусканын жоголушунан шакаба тээп калышты. Маселенин башка нукка бурулуп жатканын сезген президенттин аппарат өкүлдөрү түп нуска ордунда экенин, бирок карандаш, калем сап менен оңдолгон жазуулар бар экенин айтып чыгышты. Ошентип социалдык тармактын айрым колдонуучулары 2016-жылды "Конституция жоголгон жыл" деп аташты. 

Капталдан чыгып…

День флага Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Конституция табылды: ал түп нуска эмес, тарыхый экземпляр деп аталат
Талаш ушуну менен токтоп калбай, КСДП фракциясы "Өнүгүү — Прогресс" менен "Ата Мекенди" акаевчи, бакиевчи атап, позицияларыбыз дал келбей калды деген жүйө менен көпчүлүк коалициядан чыгып кетти. Коалиция урап, өкмөт автоматтык түрдө ыдырады. Жаңы коалиция куроонун жүрүшүндө "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев ордун тапшырды. Аталган фракция өкүлдөрү бул кадамды шайлоого карата даярдык деген менен Исаев өзү Конституцияны өзгөртүүгө макул болбогондуктан кысым жасалды деген мааниде маек берди. Көп өтпөй Канат мырза парламентте Баш мыйзамды колду бурап, кысым жасоо менен өзгөртө турган шашылыш кырдаал жаралган жок деген оюн айтты. Экинчи окууда демилгени 90 депутат колдоп, Исаев каршы добуш берди. 

"Аташка" менен "балашка"

Үчүнчү окуунун жүрүшүндө спикер Чыныбай Турсунбеков талкууга убакыт берилбейт деген менен эл өкүлдөрү көпчүлүккө салып, эркин сүйлөөгө укук алышты. Сөз кезегин алган КСДПчы депутат Жанар Акаев акаевчи, бакиевчи деген сөздөрдү колдонууда этият болууга чакырып, өлкөнүн өнүгүүсүнө мурунку президенттер тоскоол болуп жатабы деген суроосун кабыргасынан койду. Акаевдин ачуу чындыгы Атамбаевди териктирип, президент журналисттерди куттуктап жатып, Жанар Акаевди шайлоо үчүн чыгымдарын төлөп бергендерди унуткан "балашка" атады. Атамбаев менен депутат Акаевдин айтышы социалдык тармакта кызуу талкууга жем таштап, бүгүнкү күнгө чейин сууй элек.

Жогорку Кеңеш болсо демилгени үчүнчү окууда жактырып, президент кол коюуга жетишти. Ошентип Баш мыйзамды өзгөртүү аракети акыркы тепкичке келип жетти. 

Баса, чырдын арты менен тараган коалициянын ордуна жаңысы куралып (КСДП, "Кыргызстан, "Бир Бол"), өкмөт башчылыкка кайрадан Сооронбай Жээнбеков сунушталды. Ал эми жаңы өкмөттө бир вице-премьер менен алты министр алмашмай болду.

Окуя ушуну менен токтоп калат деп айтуу акылга сыйбайт. Андыктан кийинки кадамдарды Sputnik Кыргызстан аркылуу окуп турсаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0