Президент өз сөзүндө өлкөдөгү саясий абал тууралуу да айтып, саясатчыларга караганда карапайым калкка көп ишене турганын билдирди.
"Мен саясатчыларга караганда карапайм калкка көп ишенем, мага саясатчылар таарынбасын", — деди.
Андан сырткары, элдин дагы президентке болгон ишеними артканын кошумчалады.
Атамбаев ошондой эле референдумдан кийин Кумтөр боюнча маселелери кайтадан көтөрүлө турганын айтып, тонналаган алтын ит бекер кетип калганын, ошол алтындар өлкөдөн чыгарылып кетпегенде ошол акчаларга азыр жол салынмактыгын айтты.