Өзбекстан иштеткен "Рохат" баш болгон пансионаттарды Кыргызстан өзүнө алды

Жазылуу
Бул тууралуу кошумча маалымат кийинчерээк берилери айтылды.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Өзбекстандын "Рохат", "Дилором" жана "Золотые пески" пансионаттары Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Бул маалыматты өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Назира Ахмедова билдирди.

Пансионаттарды өзүнө алуу чечимин кыргыз өкмөтү жабык эшик артында өткөн кезексиз жыйынында кабыл алынды.

Буга чейин өкмөттүн чек ара иштери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров Кыргызстан өзүнө тиешелүү болгон объектилерди өз балансына алуу иштери жүргүзүлүп жаткандыгын айткан. 

КМШ мамлекеттеринин ортосундагы менчикке болгон мамилени жөнгө салуу жана укуктарды таануу боюнча Макулдашууга ылайык, өкмөт буга чейин Өзбекстан пайдаланып келген бир катар объектилерди Кыргызстандын мамлекеттик менчигине өткөрүү боюнча токтом кабыл алган.

2015-жылдын ноябрь айында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Кассан-Сай) суу сактагычы гидротехникалык курулуштары менен бирге Кыргызстандын мамлекеттик менчигине өткөн.

Былтыркы жылдын март айында Кыргызстан буга чейин Өзбекстан пайдаланып келген бир катар объектилерди мамлекеттик менчигине өткөрүп алды. Өкмөттүн буйругуна ылайык, Жалал-Абаддын Ноокен районундагы "Достук", "Маданият", "Октябрдын 50 жылдыгы" жана 43,1 чакырымдык Сол жээк Нарын каналы өткөн.

Февралдын ортосунда Кыргызстандын мамлекеттик менчигине Баткендеги бир катар объектилери өттү: Унаа техникасынын Фергана башкармалыгынын №1 автотранспорттук колоннасы; Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргоо объектилери, №4 "Фергананефть" автобазасы, Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айыл аймагында жайгашкан Кайтпас айылындагы жер тилкелери.

Декабрдын башында Кыргызстандын менчигине бир катар гидротехникалык курулуштар, суу каналдарынын тилкелери өткөн. 

  • Жалал-Абад облусу боюнча: Ири Наманган каналынын 12,9 чакырымы, Чуст каналынын 14,5 чакырымы жана аталган каналдан 7,05 чакырым арыгы. 
  • Ош облусу боюнча: Керкидон суу сактагычына суу куйган каналдын 12 чакырымы, Савай каналынын 28 чакырымы. 
  • Баткен облусу боюнча: Сох-Шахимардан каналынын 12 чакырымы, Лаган каналынын 11,2 чакырымы КРге караган.

Жаңылыктар түрмөгү
0