Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 14:00гө берген маалыматы боюнча, өлкө президентин шайлоодо жана референдумда шайлоочулардын катышуусу 18,56 пайызды түздү, тактап айтканда, 661 501 адам добуш берген.
Жалпысынан 2 474 шайлоо участкалары ачылып, анын 48и чет жактарда жайгашкан. Добуш берүүнүн жүрүшүнө 44 мамлекеттен келген 330 эл аралык байкоочу көз салууда. Ал эми чагылдыруу үчүн 11 өлкөдөн 92 ЖМК өкүлү жана Кыргызстандан 217 журналист катталган (аккредитацияланган). Өнөктүк учурундагы мыйзам бузуулар боюнча даттанууларды өкмөткө жолдосо болот. Ал жерде сall-борбор иштеп жатат.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат

Президенттик шайлоо мурдагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда кызматынан кеткенине байланыштуу белгиленген

Жалпысынан 3 миллион 563 миң 574 шайлоочу катталган

БШКнын саат 14:00гө берген маалыматы боюнча шайлоочулардын катышуусу 18,56 пайызды түздү, тактап айтканда, 661 501 шайлоочу добуш берген

Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бишкектеги "Белек" маданий-оюн-зоок борборунун имаратындагы № 1053 шайлоо участогунда добуш берди

Жалпысынан 2 474 шайлоо участкалары ачылып, анын 48и чет жактарда жайгашкан

Добуш берүүнүн жүрүшүнө 44 мамлекеттен келген 330 эл аралык байкоочу көз салууда

Шайлоону чагылдыруу үчүн 11 өлкөдөн 92 ЖМК өкүлү жана Кыргызстандан 217 журналист аккредитацияланган

Шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча даттанууларды өкмөткө жолдосо болот. Ал жерде сall-борбор иштеп жатат

Мамлекет башчылык үчүн 17 талапкер ат салышууда

Референдумга бир маселе — өлкөнүн башкаруу формасы сунушталды. Кыргызстандыктар президенттик жана парламенттик форманын бирин тандоодо

Эл аралык байкоочулар шайлоодо жаштардын активдүүлүгүн белгилешүүдө

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Бишкектеги № 1102 шайлоо участогунан добуш берди

Новиков Кыргызстанда башаламандык болуп кетсе өкмөт чара көрүүгө даяр экенин билдирди. Бирок өлкөдө андай көрүнүш болбойт деп үмүттөнөрүн, себеби одоно мыйзам бузуулар жок экенин белгиледи
