11:57 19 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8400
  • EUR79.2474
  • RUB1.0583
Сүрөт

Кыргызстандын эң сулуу бийкечи кантип тандалды. Көз жоосун алган сүрөттөр

Кыскача шилтеме алуу
208602
  • Катышуучулар бул күнгө бир нече ай даярдык көрүшкөн
  • Сынактын жарым финалы августта эле өткөн, ага 64 кыз катышкан болчу
  • Финалда биринчи орун үчүн 25 катышуучу ат салышты
  • Катышуучулардын эң улуусу 26, эң кичүүсү 16 жашта
  • Калыстар тобу түрдүү номинациялардын жеңүүчүлөрүн аныктады
  • Кыздар улуттук кийим менен подиумга чыгышты...
  • ...ошондой эле кече көйнөктөрүн дагы көрсөтүштү
  • Кээ бир катышуучулар чыныгы таланты менен элди таң калтырды
  • Залдагылар катышуучуларды сүрөп турушту
  • Калыстар тобу жеңүүчүнүн атын атоого камынып жатат. Оң жакта турган экинчи вице-мисс Эльгиза Ырсакунова, ортодогу вице-мисс Нуриза Бектурова, ал эми сол жакта башкы титулга ээ болгон Айжан Жеңишова.
  • Көптөн күткөн учур, жеңүүчү Айжан Жеңишовага таажы кийгизилди.
  • Жеңүүчү таажы менен кошо Mercedes-Benz A140 үлгүсүндөгү унаага ээ болду
  • Биринчи жана экинчи вице-мисске Түркияга эс алып келүүгө жолдомо берилди
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Катышуучулар бул күнгө бир нече ай даярдык көрүшкөн

5-ноябрь күнү Бишкекте "Кыргызстан сулуусу — 2018" сынагынын финалы болуп өттү.

Конкурсту 22 жаштагы Айжан Жеңишова аттуу Ысык-Көлдүн сулуусу жеңип алды. Ал таажыдан сырткары, Mercedes-Benz A140 үлгүсүндөгү унаа менен сыйланып, өлкө атынан эл аралык сынактардын бирине катышууга мүмкүнчүлүк алды.

Биринчи вице-мисс Нуриза Бектурова, экинчи вице-мисс Эльгиза Ырсакунова жана үчүнчү вице-мисс болуп Арина Сулайманова аталды.

Кыргызстандын эң сулуу кызы кантип тандалганын сүрөт түрмөктөн караңыздар.

Тема боюнча

Жер жүзүндөгү эң сулуу селки аныкталды! Чырайлуу кыздын сүрөтү
Бар эти булчуңга толгон Руслан: денеме эч кандай химиялык зат колдонгон эмесмин
Белгилер:
сулуулук сынагы, Бишкек, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ