19:04 07 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.6875
  • EUR87.5150
  • RUB1.0764
Сүрөт

Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолдун курулушу. Иш үстүндөгү сүрөттөр

Кыскача шилтеме алуу
257601
  • 29,5 миллион долларга курулуп жаткан эки эстакадалык көпүрө 2019-жылы бүткөрүлөт
  • Кыргызстандагы ири курулушту кытайлык China Roud and Bridge компаниясы жүргүзүүдө
  • Жалал-Абад шаарынан Казарманга чейинки аралыгын асфальттоо иштери
  • Учурда Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бир гана Бишкек — Ош жолу бириктирет
  • Азыр Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолунун көпчүлүк бөлүгүндө казуу, жардыруу иштери жүргүзүлүүдө
  • Трассанын ар бир чакырымына орточо эсеп менен 1 миллион 617 миң доллар сарпталууда
  • Долбоордун болжолдуу баасы 850 миллион доллар
  • Жолду курууда долбоордун курамына кирип калган жергиликтүү тургундарга мүлкү үчүн кенемте төлөп берүү каралган
  • 433 Чакырымга созулган жолду куруу иштери төрт фазага бөлүнгөн
  • Жолдун курулуш иштери бийик тоолуу шартта өтүп жатат
  • Тоннелди салууга 200дөн ашык 20дай техника түрү тартылган
  • Долбоордогу айрым технологиялар Кыргызстанда буга чейин колдонулган эмес
  • Жумушчулардын 70 пайызы кытайлыктар, ал эми калганы кыргыз жарандары
  • Көк-Арт ашуусундагы тоннель аркылуу күн сайын 12 миң унаа өтө алат
  • Альтернативалуу жолдун курулушу 2014-башталган
  • Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолу 2022-жылы бүткөрүлүп колдонууга берилет.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
29,5 миллион долларга курулуп жаткан эки эстакадалык көпүрө 2019-жылы бүткөрүлөт

Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолу 433 чакырымга созулуп, Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад аркылуу өтөт. Учурда ал трассада курулуш иштери кызуу жүрүп, жүздөгөн жумушчулар эмгектенүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги ири долбоордогу ирмемдерди сунуштайт.

Эл аралык донорлор тарабынан каржыланган жолдун курулушу 2014-жылы башталган. Транспорт жана жолдор министрлиги трассаны 2022-жылы бүтүрүп, колдонууга берүүнү пландоодо. Анын алкагында 3890 метрлик бир тоннель, 1076 жана 386 метр узундуктагы эки эстакадалык көпүрө салынууда.

Жалал-Абад шаары менен Балыкчыны байланыштырган жолду бүтүрүү вазийпасы кытайлык China Roud and Bridge компаниясына жүктөлгөн.

Тема боюнча

Ош — Бишкек жолу. Маданияттан Жалал-Абадга чейинки жер 60 млн. долларга оңдолот
Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолу качан пайдаланууга берилери айтылды
Түндүк — Түштүк жолунун ар бир чакырымы 1,6 млн. долларга курулууда
Белгилер:
Сүрөт, курулуш, жол, Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолу, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ