Instagram жок эле атак-даңкка жеткендер. Кыргыз ССРинин 10 жылдызы сүрөттө

Жазылуу
Бүбүсара Бейшеналиева, Саякбай Каралаев, Сүймөнкул Чокморов — бул жана башка көптөгөн ысымдар дээрлик ар бир кыргызстандыкка дайын. Алар Кыргызстандын тарыхында мыкты артист катары калышары талашсыз.

Эгиз эже-сиңдилер Салтанат жана Махабат Искаковалар медайымдык ишти өздөштүрүп жатышат. Аларга Фрунзе шаарындагы медициналык окуу жайдын дарсканасында дарс окулууда. - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз кыздарынын келбети бир кылымда кандай өзгөргөн. Сүрөт түрмөк
Кыргыз ССРинин жылдыздарынын көпчүлүк көрбөгөн сүрөттөрүн архивге баш баккан Sputnik агенттигинин кабарчылары таап чыкты. Ысымдары кылымдарга сакталчу атактуулардын ар кандай жагдайдагы сүрөттөрүн сиздерге сунуштайбыз.

Калк сүймөнчүктөрүнүн театралдык оюндагы, тасма талааларындагы, сахнадагы ирмемдери, айрымдарынын жөн гана портреттик сүрөттөрү тартылган. Көпчүлүгү жылмайса, кай бирлеринин көз карашы жараткан образдарына жараша абдан олуттуу. Кантсе да алардын баары мыкты деп саналат.

© Sputnik / Шоломович / Медиабанкка өтүүКыргызстандын эл артисти, төкмө акын Алымкул Үсөнбаев комузда ойноп жаткан убагы, 1955-жыл. Айтмакчы, Алымкул Токтогул Сатылгановдун шакирти болгон
Акын Алымкул Усенбаев - Sputnik Кыргызстан
1/10
Кыргызстандын эл артисти, төкмө акын Алымкул Үсөнбаев комузда ойноп жаткан убагы, 1955-жыл. Айтмакчы, Алымкул Токтогул Сатылгановдун шакирти болгон
© Sputnik / Мирослав Муразов / Медиабанкка өтүүАл эми бул 1958-жылкы сүрөттө Кыргызстандын биринчи балеринасы, артист Бүбүсара Бейшеналиева Кыргыз опера жана балет театры тарабынан коюлган "Чолпон" балетинде Айдайдын, балетмейстер Уран Сарбагышев Нурдиндин ролунда
Б. Бейшналиева и У. Сарбагишев в спектакле Чолпон - Sputnik Кыргызстан
2/10
Ал эми бул 1958-жылкы сүрөттө Кыргызстандын биринчи балеринасы, артист Бүбүсара Бейшеналиева Кыргыз опера жана балет театры тарабынан коюлган "Чолпон" балетинде Айдайдын, балетмейстер Уран Сарбагышев Нурдиндин ролунда
© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүЗалкар манасчы, Кыргыз ССРинин эл артисти Саякбай Каралаев №3 мектеп-интернатынын окуучуларынын курчоосунда. Улуу манасчы "Манас" эпосунан жарым миллион сапты жатка билген
Народный артист Киргизской ССР Саякбай Каралаев - Sputnik Кыргызстан
3/10
Залкар манасчы, Кыргыз ССРинин эл артисти Саякбай Каралаев №3 мектеп-интернатынын окуучуларынын курчоосунда. Улуу манасчы "Манас" эпосунан жарым миллион сапты жатка билген
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү1967-жылкы бул ак-кара түстүү сүрөттөгү Владимир Фере — композитор, Кыргыз ССР эл артисти. Ал кыргызстандыктарга Кыргыз ССР мамлекеттик гимнинин обонунун автору катары белгилүү (Кыргыз Республикасынын гимни менен адаштырбаңыз)
В.Г.Фере, композитор - Sputnik Кыргызстан
4/10
1967-жылкы бул ак-кара түстүү сүрөттөгү Владимир Фере — композитор, Кыргыз ССР эл артисти. Ал кыргызстандыктарга Кыргыз ССР мамлекеттик гимнинин обонунун автору катары белгилүү (Кыргыз Республикасынын гимни менен адаштырбаңыз)
© Sputnik / Дронов / Медиабанкка өтүүКыргыз ССРинин эл артисти, театралдык режиссер Капар Медетбеков Отеллонун ролунда, 1977-жыл
Капар Медетбеков - Sputnik Кыргызстан
5/10
Кыргыз ССРинин эл артисти, театралдык режиссер Капар Медетбеков Отеллонун ролунда, 1977-жыл
© Sputnik / Георгий Зельма / Медиабанкка өтүүКыргыз ССРинин эл артисти, төкмө акын, Токтогул сыйлыгынын лауреаты Эстебес Турсуналиев, 1977-жыл. Кыргыз элдик музыкалык аспаптарда ойной билген эң мыкты төкмө акындардын бири болгон
Поэт-импровизатор Эстебес Турсуналиев - Sputnik Кыргызстан
6/10
Кыргыз ССРинин эл артисти, төкмө акын, Токтогул сыйлыгынын лауреаты Эстебес Турсуналиев, 1977-жыл. Кыргыз элдик музыкалык аспаптарда ойной билген эң мыкты төкмө акындардын бири болгон
© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүКыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Елена Орузбаева жана артист Арсанбек Ирсалиев улуттук кийимчен сахнада элдик бий аткарышууда. 1981-жыл
Танцют Елена Орузбаева и Арсанбек Ирсалиев - Sputnik Кыргызстан
7/10
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Елена Орузбаева жана артист Арсанбек Ирсалиев улуттук кийимчен сахнада элдик бий аткарышууда. 1981-жыл
© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүү1981-жылкы сүрөттө композитор, Кыргыз ССРинин эл артисти, Кыргыз ССРинин мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын ээси Насыр Давлесов. Кыргыз Республикасынын гимнинин обону улуу композиторлор Насыр Давлесов жана Калый Молдобасанов тарабынан жазылганын айта кетпесек болбойт
Композитор Насыр Давлесов - Sputnik Кыргызстан
8/10
1981-жылкы сүрөттө композитор, Кыргыз ССРинин эл артисти, Кыргыз ССРинин мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын ээси Насыр Давлесов. Кыргыз Республикасынын гимнинин обону улуу композиторлор Насыр Давлесов жана Калый Молдобасанов тарабынан жазылганын айта кетпесек болбойт
© Sputnik / Фред Гринберг / Медиабанкка өтүү80-жылдар: СССРдин эл артисти, актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов тасма аянтчасында. Ал Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмаларга көп тартылган
Чокморов на съемочной площадке - Sputnik Кыргызстан
9/10
80-жылдар: СССРдин эл артисти, актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов тасма аянтчасында. Ал Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмаларга көп тартылган
© Sputnik / Галина Кмит / Медиабанкка өтүүА бул 1984-жылкы сүрөттө Кыргыз ССРинин эл артисти, кинорежиссер, сценарист жана көптөгөн сыйлыктардын ээси Болот Шамшиевдин жүзүндө бактылуу жылмаюу бар
Болот Шамшиев - Sputnik Кыргызстан
10/10
А бул 1984-жылкы сүрөттө Кыргыз ССРинин эл артисти, кинорежиссер, сценарист жана көптөгөн сыйлыктардын ээси Болот Шамшиевдин жүзүндө бактылуу жылмаюу бар
Жаңылыктар түрмөгү
0