23:52 19 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Сүрөт

Алар денеси ооруса да, кыйналса да бактылуу. Ийилип-чоюлган гимнасттардын сүрөтү

Кыскача шилтеме алуу
74 0 0
  • Спортчулар күн сайын үч сааттан машыгат. Алар жумасына бир жолу, жекшемби күнү гана эс алышат
  • Эгер гимнасттар колуна магнезий колдонуп турбаса алардын алаканы бат тердеп турникке тартынууда кыйынчылык жаралат
  • 17 жаштагы Роман Пак Кыргызстандын спорттук гимнастика боюнча чемпиону
  • Ата-энелер балдарын гимнастикага жаш кезинде эле берет
  • Жаш балдар үчүн ийилип-чоюлуу жеңил, бирок алар чоңойгон сайын оорлошо берет
  • Машыктыруучулар тарбиялануучуларды катуу тартип менен кармарын моюндашат. Анткени алардын ишинде тартипти сактоо эң маанилүү учурлардын бири
  • 12 бул жаштагы спортчу шпагатка отурган тейде жада калса уктап калат
  • Бул Кыргызстандагы эл аралык деңгээлдеги спортчуларды даярдаган жападан жалгыз машыгуу залы
  • Бул жерде спорттук шаймандар жетишсиз
  • Спорт ар дайым тыкандыкты жана ыкчамдыкты талап кылат
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Спортчулар күн сайын үч сааттан машыгат. Алар жумасына бир жолу, жекшемби күнү гана эс алышат

Машыктыруучулардын өздүк статистикасы боюнча спорттук гимнастикага келген 15 баланын ичинен бирөө гана чоңойгондо спортчу болуп чыгат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги олимпиаданын келечектеги чемпиондорунун машыгуу залы менен таанышып келди.

Кыргызстандын спорттук гимнастика боюнча эркектер арасындагы курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Ткачуктун айтымында, бул зал өлкөдө эл аралык даражадагы спортчуларды даярдаган жападан жалгыз машыгуу жайы. Бул жерде спорттук шаймандар жетишсиз.

"Биз спорттук гимнастика боюнча эл аралык федерация менен тыкыр кызматташып турабыз. Алар кымбат баалуу шаймандарды сатып алууга көмөк көрсөтүшөт. Мисалы, эркин көнүүгү жасоого керектелген килем бир жарым миллион сом турат. Бирок ал машыгууга гана ылайыкталган, мелдештерде башкача килем колдонулат", — деди Ткачук.

Ошондой эле ал ушундай шартка карабай Кыргызстандын гимнастика боюнча курама командасынын спортчулары жогорку деңгээлде тарбияланып чыгаарын кошумчалады.

Тема боюнча

Кыйынчылыкка карабай кыялына умтулган балет бийчилери
Белгилер:
Спорт, балдар, машыгуу, көркөм гимнастика, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ