Бишкектин борборундагы ажайып бак. Гүлдөгөн магнолия, кучак жетпеген теректер

Жазылуу
Бишкектиктердин баары эле биле бербеген керемет бир жер бар. Ал — Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак. Бул жай 1938-жылы негизделген. Sputnik Кыргызстан аталган жайга барып, көз жоосун алган сүрөттөрдү тартып келди.

"Кыргызстандагы кыя өтпөй турган жерлер" деп аталган рубриканын алкагында окурмандарга Горький көчөсү, 135 дарегиндеги Ботаникалык бак (дендрарий) тууралуу маалыматты сунуштайбыз. Бакка кире бериштеги тактадан "Сиздерди ажайып өсүмдүктөр дүйнөсүнө чакырабыз" деген жазуу көзгө урунат.

Животные в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Ала-Арчадагы фотокапкан: келбээрсиген илбирстен, томпоңдогон торопойлорго чейин
Аталган аймак Бишкек шаарынын тарыхый, архитектуралык жана маданий эстеликтеринин бири. Дендрарий 1968-жылы корук болуп жарыяланган. Бүгүнкү күндө өзгөчө корголуучу территория статусуна ээ. Бишкектин чок ортосундагы бул бакка кирсеңиз, дүйнөнүн бир катар токойлорун аралап келгендей болосуз. Себеби аталган аймакта Түндүк Америка, Европа, чет элдик Азия, Ыраакы Чыгыш, Кыргызстан жана Борбордук Азия, Сибирь, Крым, Кавказ секторлору бар. Ал жактан аталган аймактарда өскөн өсүмдүктөрдүн түрүн көрө аласыз.

Ботаникалык бактын ресурстук борборунун өкүлү Дмитрий Переясловскийдин айтымына караганда, бул жерде жыгач өсүмдүктөрүнүн 2000дей түрү бар.

Дендрарий илимий жай болгондуктан, анын ичинде өз алдынча ээн-эркин сейилдеп жүрө албайсыз. Бирок экскурсовод сизге жакшы жардамчы болот. Айтмакчы, бул жердин өзүнүн эрежелери бар.

Дендрарийдин аймагында гүлдөрдү үзүүгө, мөмөлөрдү, уруктарды чогултууга, козу карын терүүгө болбойт. Аймакта велосипед жана ролик менен жүрүүгө, от жагып, чылым чегүүгө тыюу салынган. 12 жашка чейинки балдарды сөзсүз түрдө чоңдор коштоп жүрүшү шарт. Бул жерге кызуу болуп келүүгө болбойт. Музыканы катуу чыгарып коюуга, пикник уюштурууга да тыюу салынат.

Дендрарийге кирүү үчүн чоң кишилер үчүн билеттин баасы 50 сом, окуучулар үчүн 20, ал эми кичине балдар жана улгайгандар үчүн 5 сом.

© Sputnik / Табылды КадырбековБотаникалык бактагы мускари аттуу гүл. Ал ак, көк түстө да болот. Колду көп карабайт, эгип койсо эмгекти талап кылбай өсө берет. Чыдамдуу. "Шаардын ичиндеги аймактарга отургузса жакшы болот", — деди Дмитрий Переясловский
Ботаникалык бактагы мускари аттуу гүл. Ал ак, көк түстө да болот. Колду көп карабайт, эгип койсо эмгекти талап кылбай өсө берет. Чыдамдуу. Шаардын ичиндеги аймактарга отургузса жакшы болот, — деди Дмитрий Переясловский - Sputnik Кыргызстан
1/13
Ботаникалык бактагы мускари аттуу гүл. Ал ак, көк түстө да болот. Колду көп карабайт, эгип койсо эмгекти талап кылбай өсө берет. Чыдамдуу. "Шаардын ичиндеги аймактарга отургузса жакшы болот", — деди Дмитрий Переясловский
© Sputnik / Табылды КадырбековБул жай корук болгондуктан, кирип-чыгуунун өзгөчө тартиби бар. Дендрарийде Кыргызстанда сейрек кезиккен өсүмдүктөрдүн коллекциясы жайгашкандыктан, өзгөчө этият мамилени талап кылат.
Бул жай корук болгондуктан, кирип-чыгуунун өзгөчө тартиби бар. Дендрарийде Кыргызстанда сейрек кезиккен өсүмдүктөрдүн коллекциясы жайгашкандыктан, өзгөчө этият мамилени талап кылат. - Sputnik Кыргызстан
2/13
Бул жай корук болгондуктан, кирип-чыгуунун өзгөчө тартиби бар. Дендрарийде Кыргызстанда сейрек кезиккен өсүмдүктөрдүн коллекциясы жайгашкандыктан, өзгөчө этият мамилени талап кылат.
© Sputnik / Табылды КадырбековДендрарий Түндүк Америка, Европа, чет элдик Азия, Ыраакы Чыгыш, Кыргызстан жана Борбордук Азия, Сибирь, Крым жана Кавказ бөлүктөрүнөн турат
Дендрарий Түндүк Америка, Европа, чет элдик Азия, Ыраакы Чыгыш, Кыргызстан жана Борбордук Азия, Сибирь, Крым жана Кавказ бөлүктөрүнөн турат - Sputnik Кыргызстан
3/13
Дендрарий Түндүк Америка, Европа, чет элдик Азия, Ыраакы Чыгыш, Кыргызстан жана Борбордук Азия, Сибирь, Крым жана Кавказ бөлүктөрүнөн турат
© Sputnik / Табылды КадырбековБул кызыктуу экспозицияда сейрек кездешкен гүлдөр да эгилген
Бул кызыктуу экспозицияда сейрек кездешкен гүлдөр да эгилген - Sputnik Кыргызстан
4/13
Бул кызыктуу экспозицияда сейрек кездешкен гүлдөр да эгилген
© Sputnik / Табылды КадырбековБотаникалык бактан жапайы аарылардын уюгун көрүүгө болот. Биз аарынын гүлдөн нектар чогултуп жаткан учурун тартып алдык
Ботаникалык бактан жапайы аарылардын уюгун көрүүгө болот. Биз аарынын гүлдөн нектар чогултуп жаткан учурун тартып алдык - Sputnik Кыргызстан
5/13
Ботаникалык бактан жапайы аарылардын уюгун көрүүгө болот. Биз аарынын гүлдөн нектар чогултуп жаткан учурун тартып алдык
© Sputnik / Табылды КадырбековМетасеквоя. Бул бактар түркүмү динозаврлар доорунда болгон дешет. Узундугу 120-130 метрге жеткен түрлөрү бар. Кыргызстанда манжа менен санай тургандай, тагыраагы 4-5и гана кездешет. Алардын бири — береги сүрөттөгүсү
Метасеквоя. Бул бактар түркүмү динозаврлар доорунда болгон дешет. Узундугу 120-130 метрге жеткен түрлөрү бар. Кыргызстанда манжа менен санай тургандай, тагыраагы 4-5и гана кездешет. Алардын бири — береги сүрөттөгүсү - Sputnik Кыргызстан
6/13
Метасеквоя. Бул бактар түркүмү динозаврлар доорунда болгон дешет. Узундугу 120-130 метрге жеткен түрлөрү бар. Кыргызстанда манжа менен санай тургандай, тагыраагы 4-5и гана кездешет. Алардын бири — береги сүрөттөгүсү
© Sputnik / Табылды КадырбековЕвропа церциси. Бул дарак да Кыргызстанда аз кездешет
Европа церциси. Бул дарак да Кыргызстанда аз кездешет - Sputnik Кыргызстан
7/13
Европа церциси. Бул дарак да Кыргызстанда аз кездешет
© Sputnik / Табылды КадырбековБотсадда өсүмдүктөрдүн 5000 түрү бар. Азыр жалбырактар жаңы гана ачылып жатса да, ичи көлөкөлүү, салкын.
Ботсадда өсүмдүктөрдүн 5000 түрү бар. Азыр жалбырактар жаңы гана ачылып жатса да, ичи көлөкөлүү, салкын. - Sputnik Кыргызстан
8/13
Ботсадда өсүмдүктөрдүн 5000 түрү бар. Азыр жалбырактар жаңы гана ачылып жатса да, ичи көлөкөлүү, салкын.
© Sputnik / Табылды КадырбековГүлдөгөн магнолия. Сулуулук жана назиктик!
Гүлдөгөн магнолия. Сулуулук жана назиктик! - Sputnik Кыргызстан
9/13
Гүлдөгөн магнолия. Сулуулук жана назиктик!
© Sputnik / Табылды КадырбековМагнолиянын мындай кооз гүл желекчелерин көрдүңүз беле?
Магнолиянын мындай кооз гүл желекчелерин көрдүңүз беле? - Sputnik Кыргызстан
10/13
Магнолиянын мындай кооз гүл желекчелерин көрдүңүз беле?
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Девичий" деп аталган жүзүм. Жайында бул жерге кондиционердин кереги жок. Жалбырактары ысык өткөрбөй гана тим болбостон, сырттан келген чаңды өзүнө жутуп алат. Жомоктогудай үй
Девичий деп аталган жүзүм. Жайында бул жерге кондиционердин кереги жок. Жалбырактары ысык өткөрбөй гана тим болбостон, сырттан келген чаңды өзүнө жутуп алат. Жомоктогудай үй - Sputnik Кыргызстан
11/13
"Девичий" деп аталган жүзүм. Жайында бул жерге кондиционердин кереги жок. Жалбырактары ысык өткөрбөй гана тим болбостон, сырттан келген чаңды өзүнө жутуп алат. Жомоктогудай үй
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Япон клёну". Далдагай жалбырактуу дарак
Япон клёну. Далдагай жалбырактуу дарак - Sputnik Кыргызстан
12/13
"Япон клёну". Далдагай жалбырактуу дарак
© Sputnik / Табылды КадырбековСалижан Жигитовдун "Шуулдаба, шуулдаган теректерим… шуулдасаң, ыйлагым келет менин" саптары айласыздын эсиңе келет. Асман тиреген теректер
Салижан Жигитовдун Шуулдаба, шуулдаган теректерим… шуулдасаң, ыйлагым келет менин саптары айласыздын эсиңе келет. Асман тиреген теректер - Sputnik Кыргызстан
13/13
Салижан Жигитовдун "Шуулдаба, шуулдаган теректерим… шуулдасаң, ыйлагым келет менин" саптары айласыздын эсиңе келет. Асман тиреген теректер
Жаңылыктар түрмөгү
0