14:57 29 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.4998
  • EUR92.5457
  • RUB1.0105
Ой-пикир
Кыскача шилтеме алуу
54610

Суу сактагычтан суу агызууда эмнеге Борбор Азия өлкөлөрүндөгү энергетикалык айлампа көйгөйдөн арыларын, ошондой эле жайкысын суу жана электр кубаты кимге жана эмнеге берилерин серепчилер Sputnik Кыргызстанга түшүндүрүп беришти.

Социалдык медиада кыргызстандыктар алдыдагы күз-кыш маалында өлкөнүн электр энергиясы менен камсыз кылуу көйгөйүн кызуу талкуулашууда. Эл суук түшкөндө кайрадан кезек менен жарык өчүрүлө баштайбы деп чочулайт. Токтогул суу сактагычындагы суунун төмөн деңгээлине расмий себеп катары суунун сезондук аздыгы аталганы менен жарандар сууну "сатып салышты" деп шектенишет.

Sputnik Кыргызстан радиосу адистер менен маектешип, электр кубатын алуу үчүн топтолгон сууну байкатпай "сатыкка агызууга" мүмкүн болор-болбосун тактап көрдү. Биздин суроолорубузга Токтогул суу сактагычында эмгектенген техникалык адис, энергетика тармагындагы серепчи жана аткаминер жооп берди.

Улуттук энергохолдингдин көз карандысыз эксперти, "Жогорку Нарын ГЭСтери" ЖАКтын башкаруу тобунун мүчөсү Чоробай Акунов өлкөдөгү суу сактагычтарда эбак онлайн-камералар орнотулган. Алар аркылуу суунун деңгээлине жана агызылышына көз салынарын билдирет.

Ветеран энергосистемы Чоробай Акунов в пресс-центре Sputnik Кыргызстан на мастер-класс Как уберечься от удара током — самое важное об электричестве.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Улуттук энергохолдингдин көз карандысыз эксперти, "Жогорку Нарын ГЭСтери" ЖАКтын башкаруу тобунун мүчөсү Чоробай Акунов
"Ушул тапта Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү – 14 миллиард 200 миллион кубометр. Бул күз-кыш маалынан дурус эле чыгуу үчүн ушул деңгээлде сактап туруу керек. Мисалы, Казакстан менен келишим бар, ага ылайык, биз жайкысын суу, ал эми кышкысын коңшулардан өз керектөөбүздү жапкыдай көлөмдө электр алабыз. Биздин кубаттуулук керектөө көрсөткүчтөрү менен шайкеш келгендигинен улам ушундай тартипте аткарылат", — дейт Акунов.

Анын айтымында, Өзбекстан жана Тажикстанда да бүт Борбор Азиядагыдай эле суунун тартыштыгынын айынан кыйын кырдаал түзүлөт.

"Негизи суу-энергетикалык көйгөйүн чечүү жолдорунун бири – борбор азиялык энергетикалык айлампа  (шакекче) түзүү. Бул энергетикага гана тургай, экономикага да кыйла пайда алып келмек. Андай учурда суунун сатылышы жөнүндөгү курулай айыптоолор да жаңырбас эле. Бул тармакта 47 жыл иштеп жүрүп, сууну тымызын сатып жатышканын көргөн эмесмин, андай нерсе техникалык да, бюрократиялык жактан да кыйын. Дээрлик ар бири эле чуу көтөрөт, бирок эч кимди колунан кармап алыша элек", — деп эксперт мындай сөзгө таң калганын жашырбайт.

"Электр станциялары" ААКтын энергетикалык жабдууларды пайдалануу жана оңдоп-түзөө кызматынын жетекчиси Улукбек Мамыралиев энергетиктерге сууну агызып жана сатып жиберди деген күнөөлөр жыл сайын тагыларын айтат.

Начальник службы эксплуатации и ремонта энергооборудования ОАО Электрические станции Улугбек Мамыралиев
© Фото / Тагжана Айдаралиева
"Электр станциялары" ААКтын энергетикалык жабдууларды пайдалануу жана оңдоп-түзөө кызматынын жетекчиси Улукбек Мамыралиев

"Суу сактагычтагы ар бир куб метр эсепте, себеби камералардан сырткары жабдыктар бар. Күн сайын компаниянын сайтында суунун чыгымы жарыяланып турат, ал электр кубатын иштеп чыгууга шайкеш  келет.

Өлкөдөгү өзүн-өзү актай турган ГЭСтер кайсылар экени маалым болду

Өлкөнүн энергетикалык тутуму — бул каалаган убакта туташтырып же өчүрүп койгудай батарейка эмес. Кыргызстандыктар эртең менен электрди өтө көп пайдаланат. Энергия менен камсыздоо үчүн керектөөгө ылайыктап сууну кое беришет. Кечке жуук да ушундай эле көрүнүш. Генераторлор эч качан курулай иштебейт", — дейт Мамыралиев. Адис сууну жөн гана агызуу суунун көлөмү ашыкча болгондо гана жүргүзүлөрүн тактап өттү.

"Токтогул суу сактагычынын толук көлөмү — 19,5 миллиард кубометр. Бүгүн деңгээли абдан төмөн, андан улам сууну агызуу туурасында сөз да болбойт, анткени суу энергия иштеп чыгуу үчүн зарыл. Мындан тышкары, кандай агызылса да, анын алдындагы ГЭСтер (ал жактарда күтүүсүз жагдай жаралып калышы ыктымал) жана бардык инстанциялар менен макулдашуу абзел. Шлюзду көтөрүү үчүн бүтүндөй бир жумушчу күн кетет. Бул — татаал техникалык процесс, андыктан коомчулукка жана көзөмөлдөөчү органдарга байкалбай калбайт", — дейт ал. Негизи санкцияланбаган, анан калса, сатуу үчүн сууну агызуу мүмкүн эмес.

"Электр станциялары" ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары Таалайбек Бектенов суунун аздыгына карабастан Кыргызстандын калкы тийиштүү көлөмдө электр кубаты менен камсыз болорун белгилейт.

Первый заместитель генерального директора ОАО Электрические станции Таалайбек Бектенов
© Фото / Тагжана Айдаралиева
"Электр станциялары" ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары Таалайбек Бектенов
"Суунун сатылышы тууралуу билдирүүлөр суунун көлөмү аз болгондо дароо жаңыра баштайт. Чындыгында биздин республика, Борбор Азиянын бөлөк өлкөлөрүндөй эле суу азайган мезгилге туш боло баштады. Бирок суунун деңгээли – стратегиялык мүнөздөгү жана энергетикалык коопсуздук маселеси. Ал мамлекеттик структуралар, анын ичинде улуттук коопсуздук органдары тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Онлайн-камералар, ар күнкү маалымат жана гидроагрегат режимине саат сайын көзөмөл, турбина аркылуу агып чыккан суунун көлөмү суунун сатылышы күч жагынан да, техникалык жактан да дегеле мүмкүн эмес", — дейт Бектенов.

Казакстан менен түзүлгөн келишимдерге ылайык, Кыргызстан жайкысын электр жана аны генерациялоого жетишерлик сууну берет. Ал эми кышкысын, энергия жетишсиз боло баштаганда кайра алат.

"Өзбекстан менен андай макулдашуу жок, бул өлкөнүн керектөөсүнө ылайыктап энергияны иштеп чыгууну түзбөйбүз. Үч-Коргон ГЭСинен кийин суунун баары суу ресурстарына жооптуу болгон мамлекеттик органдын карамагына өткөрүлөт. Биздин энергетикалык тутум үчүн коңшу өлкөлөр менен товар алмашуу аркылуу гана эмес, өз ара иштешүү абдан пайдалуу.

Токтогул ГЭСи — асмандан жана ички көрүнүшү

Борбор Азияда бирдиктүү энергетикалык айлампаны түзүү бүтүндөй регионду ынанымдуу жабдууну камсыздайт. Бирок маселелердин кеңири тизмесин, атап айтканда, суу ресурстары, айыл чарбасын да козгогондуктан, ар бир өлкөнүн кызыкчылыктары эске алынууга тийиш. Энергетикалык тутумдун мындай иш тартиби аймактагы бардык мамлекеттердин бирдиктүү ыкмасын талап кылат", — дейт эксперт.

Окумуштуу  бирдиктүү ыкма натыйжалуу экени талашсыз болгону менен азырынча жогорку деңгээлде андай макулдашууга жетише албай жаткандыгыбызды кошумчалады.

Тема боюнча

Кыргызстанда чакан гидроэнергетика канткенде өнүгөт?
Быйыл электр энергиясын иштеп чыгууга суу жетеби? Адистин пикири
Белгилер:
сатуу, Суу, кыш, электр кубаты, Токтогул суу сактагычы, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ