БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын АКШ менен Канададагы элчилигине КР жарандары Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырова америкалык чек арачылар тарабынан кармалганы жөнүндө билдирме келип түштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда КР жарандары үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында кармалып, элчиликке 19-октябрда билдирме келип түшкөн.
"Кыргызстандын элчилиги АКШнын Чек ара жана Иммиграциялык кызматтары менен байланышканда, кыргыз жарандарынын өлкөгө кирүүгө уруксат кагаздары (виза) жок болуп чыкканы белгилүү болгон. Муну менен катар алар саясий баш паанек сурашканы маалым болду. Учурда аталган маселе АКШнын иммиграциялык сотунун кароосунда турат. Жарандар аларды кармоо шарттары боюнча арызданышкан жок", — деп айтылат маалыматта.
Ренат Самудинов Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсү болгон. Бирок көз карашы туура келбей калып, партиядан чыгарылган. Элнура Молдокадырова КТРКда эмгектенип, журналисттик иликтөөлөр боюнча долбоордун автору болгон. Кийин өз каалоосу менен иштен кеткен.