ТИМ Түркияда унаа багажнигинен табылган кыргызстандык аялдын чоо-жайын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность кризисного центра "Сезим" в Бишкеке
Деятельность кризисного центра Сезим в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө аял мындай кадамга өз ыктыяры менен барганы айтылат

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Түркия менен Грузиянын чек арасындагы көзөмөл пунктунда машинанын жүк салуучу бөлүгүнөн табылган аял адам сатуу аракетинин курмандыгы эмес. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Нью-Йорк накануне выборов президента США - Sputnik Кыргызстан
Дональд Трамп грин-карт лотереясын токтотууну сунуштады
Белгилей кетсек, буга чейин Түркиянын ЖМКлары Грузиянын жараны айдап бараткан машинанын багажнигинен кыргызстандык аял табылганын жазып чыгышкан.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Артвин провинциясынын Кемалпаша районунун полиция башкармалыгы менен байланышкан. Алынган маалымат боюнча Кыргызстандын жараны чек араны өз ыктыяры менен өтүүгө аракет кылып, адам сатуунун курмандыгы болгон эмес.

ТИМ тараткан билдирүүдө кармалган жаран Түркиянын мыйзамдарына ылайык өлкөдөн чыгарылары айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0