22:30 19 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Соттолгон аял. Архивдик сүрөт

"Апа, мен күнөөлүү эмесмин!.." Чет жакта соттолуп кеткен кыргызстандыктар

© Sputnik / Валерий Мельников
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
9101121

Россияда соттолгон кыргызстандыктын бири Кара-Көл шаарында туулуп-өскөн 24 жаштагы Алтынай. "Уурулук" беренеси менен беш жылга эркинен ажыратылган.

Анын апасы Айгүл Асанова (Ред.: аты-жөнү өзгөртүлдү) Россияга иштегени кеткен кызынан акча күтмөк түгүл, өзүн да жакында көрүүгө үмүт этпей турган чагы. Анткени кызы беш жылдык жазасынын бир гана жылын өтөп бүттү.

Асанова күйөөсүнөн эрте калып, эки уул, бир кызды жалгыз чоңойткон. Төрт жыл мурда кызынын Бишкектеги окуусунун акчасын төлөй албай, Россияда көп жылдан бери иштеп жүргөн курбусуна кошуп, Москва шаарына жөнөткөн. Өзү иштеп жүргөн үйдөн баалуу буюмдарды уурдады деп шектелген Алтынай бир жыл мурда бөтөн жерде соттолуп кетти.

— Кызыңыз каргашалуу окуяга кандайча туш болду?

— Бишкекте университетте 2-курста окуп жүрчү. Контрагына акчабыз жетпей калганынан "тыйын-тыпыр таап алсын" деп Россияда иштеген курбума кошуп, Москва шаарына жибергем. Биринчи барган жарым жылда арабдардын самса саткан жеринде пияз аарчып, идиш жууп иштеди. Кийин тааныш кызы кемпирди бакчу жумуш таап бериптир. Келин-уулу Санкт-Петербургда жашаган 70 жаштан өткөн кемпирди бир жыл сегиз ай бакты. Бир күнү кайненесин көргөнү келген келини "үйдөн кемпирдин алтын буюмдары менен бир икона жоголду" деп милицияга арыз жазып коюптур. Кызым үйгө бир нече жолу кемпирдин небереси достору менен, дагы башка туугандары келип кеткенин айтса дагы болбой, баарын анын мойнуна илип коюшту.

— Адвокат жалдадыңар беле?

— 20 жылдан бери мектепте иштейм, айлыгым сегиз миң сом, анан мага кайдагы адвокат? Атургай кызымдын соту болгонго чейин Москвага бара алган жокмун. Эки уулум деле Кара-Көлдө жашайт, үй-бүлөлүү. Тапкандары өздөрүнөн артпайт. Москвада кыргыз диаспорасыбы, же жөн эле активдүү балдарбы, айтор, бирөөлөр сотуна чейин чуркап, кыргыздардан акча чогултуп, адвокат жалдашкан экен. Мен ошолордун бирөө менен дайыма телефон аркылуу сүйлөшүп турчумун. Кийин ал баланы таппай калдым. Мен да туугандарыма айтпай, тааныштардан карызга акча алып, сотко эки күн калганда Москвага бардым. Кызымды алып кеткен курбум тосуп алып, сотуна алып барды. Кызымдын өкүмүн угузуп, беш жылга эркинен ажыратканын укканда, ошол жерден өлүп калам го деп ойлогом. Кызым да көзүнүн жашын көл кылып "апа, мен күнөлүү эмесмин!" деп бир кыйкырды. Сот залынан алып чыгып кетип баратканда бир көрдүм. Андан бери курбум түрмөгө эки жолу тамак киргиздим деди.

— Соттун чечимине аппеляциялык арыз жазып, же тиешелүү органдарга жардам сурап кайрылып көрдүңүзбү?

— Колдогон кишиң жок болсо, бөтөн эл, бөтөн жерде эч нерсе кыла албайт экенсиң. Анын үстүнө ал кезде кызымды соттолуп кетет деп ойлогон эмесмин. Өкүмүн угузгандан кийин көпкө чейин өзүмө келе албай жүрүп, убакыт өтүп кетиптир. Кийин бир жолу Бишкекке барып, акыйкатчыга кирүүгө аракет кылдым. Бирок өзүнө кезиге алган жокмун.

— Соттолгондон бери кызыңыз менен бир дагы жолу байланыша албадыңызбы?

— Жок, кантип сүйлөшөрүмдү дагы билбейм. Өткөндө бир таанышымдан уктум, анын тууганынын баласы дагы Россияда соттолгон экен. Ошол баласы менен ата-энеси телефондон сүйлөшүп турат дейт. Канчалык чын экенин билбейм, бирок мен дагы жолун издей баштадым.

Эркиндиктен ажыроонун өзү эмне деген азап?! Ал эми кылмыш жоопкерчилигин мыйзамдары биздикинен айырмаланган, элдин дүйнө таанымы таптакыр башкача болгон бөтөн жерде өтөө эки эсе татаал болсо керек. Мындай тагдырга туш болгон кыргыз жарандары аз эмес.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө 1793 кыргызстандык жаза өтөп жатат. Кыргыз жарандары эң көп соттолгон өлкө, албетте, Россия. Анын аймагындагы түрмөлөрдө 1354 мекендешибиз бар. Экинчи орунда Казакстан, ал жакта 359 киши абакта отурат. Тажикстанда — 27, Кытайда — 20, Германияда — 14 жана башка өлкөлөрдө 2-3төн жарандар бар.

Кыргызстандыктар көбүнчө кайсы беренелер менен соттолот?

Маалыматка караганда, чет жерлерде соттолгон жарандардын көпчүлүгү мыйзамсыз түрдө баңгизатын алып өткөндүгү жана уурулук кылгандыгы үчүн соттолушат. Ошондой эле мыйзамсыз түрдө чек араны кесип өтүү боюнча күнөөлөнгөндөр көп.

Чет өлкөдө соттолгондорго укуктук жардам көрсөтүү

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана министрликке соттолгон жарандардын өзүнөн же жакындарынан эсктрадициялоо өтүнүчү менен ар дайым кайрылуулар келип турат.

"Бул жагдайда министрлик тийиштүү иш-кагаздарды Кыргызстанга жана, тескерисинче, чет өлкөгө жолдоодо өз көмөгүн көрсөтөт, бирок иштин дээрлик көбүн КР Башкы прокуратурасы аткарат. Себеби, экстрадиция маселеси Кыргызстандын мыйзамына ылайык Башкы прокуратуранын милдетине кирет. Ошондуктан чет жерлерде соттолгон жарандардын жакындары Башкы прокурордун атына экстрадициялоо өтүнүчүн тийиштүү арыз менен билдирүүгө укуктуу", — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Кыргызстан Азербайжан, Иран, Казакстан, Кытай, Латвия, Монголия, Тажикстан, Өзбекстан жана Россия менен жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук колдоо көрсөтүү келишимдери түзүлгөн. Ушундай эле шартта укуктук мамилелер жана укуктук колдоо көрсөтүү боюнча Минск жана Кишинев шаарларында кол коюлган конвенция бар.

Учурда ушундай эле келишимдерди Бириккен Араб Эмираттары жана Түштүк Корея менен түзүүгө аракеттер көрүлүп жатат.

Россияда 100дөн ашуун кыргызстандык мунапыс аркылуу эркиндикке чыкты

Чет өлкөдө соттолуп кеткен кыргыз жарандарынын арасында мунапыска туш болгондор дагы бар. Мисалы, 2015-жылы Россиянын аймагындагы ар кайсы абактарда жаткан 100дөн ашуун кыргызстандык мунапыс аркылуу эркиндикке чыккан. Буга 2014-16-жылдары КР президентинин атынан Россия жана Казакстан президенттерине аталган мамлекеттерде соттолуп кеткен кыргыз жарандарына мунапыс жарыялоо өтүнүч каты себеп болгон. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 70 жылдыгына жана КМШнын 25 жылдыгына арналган.

Кытайда өлүм жазасына тартылган кыргыз жараны

2016-жылдын 4-февралында Кытайдын Үрүмчү шаарында 51 жаштагы кыргыз жараны Светлана Кулбаева өлүм жазасына тартылган. Кыргызстандын маалымат сайттарынын жазгандарына караганда, ал баңгизат ташуу менен алектенген кылмыштуу топтун курмандыгы болуп калган. 1964-жылы туулган Кулбаева Кытай менен Кыргызстандын ортосунда кийим-кече, аялдардын сумкасын ташып ишкерлик кылчу. 2010-жылы Гуанчжоу — Ош каттамы менен баратып, Үрүмчү шаарында жети килограмм баңгизат менен кармалган.

Чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары эмнени билиши керек?

"Коомдук иликтөө институтунун" жетекчиси Рита Карасартованын айтымында, чет өлкөгө иштегени же билим алганы кеткен жарандарга ошол жактагы элчилик же консулдуктар укуктук жактан багыт берип турушу зарыл.

"Мага Кыргызстандагы Россия элчилигинин иш-аракеттери жагат. Биздин мекемеге Россиянын жарандары жардам сурап кайрылып калышат. "Биз тууралуу кайдан билдиңер?" деп сурасак, элчилик айтты дешет. Көрсө, аларда укук коргоочулардын тизмеси бар экен. Ким эмне иш менен алек болсо ошого жараша жардамга муктаж болгон жарандарын жиберишет. Анан, албетте, көйгөй менен жардам сурап кайрылган адам аз да болсо колдоого ээ болот. Негизи мамлекеттин башка өлкөдө соттолуп кеткен адамды сөзсүз куткарып алыш керек деген милдеттенмеси жок. Болгону алар жарандар ар кандай оор кырдаалдарга туш болуп калган учурларда туура багыт берип турушу зарыл", — деди Карасартова.

Укук коргоочу чет жакка чыгууга белсенген кыргызстандык жарандар ошол өлкөнүн мыйзамын билиши шарт экенин баса белгиледи.

Тема боюнча

Мигранттар 7 ай ичинде 1 млр. доллардан ашык акча жөнөткөн
Өкмөт: Россиянын "кара тизмесинен" 43 миң кыргызстандык чыгарылат
ТИМ: чет жакта 1946 кыргызстандык соттолгон
Белгилер:
колдоо, чет өлкө, жаран, кыргызстандыктар, сот, укук, ТИМ, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ