Бешик жана анын тарыхы
Бешик — кыргыз элинин маанилүү буюму. Бул буюмдун болжол менен X-XI кылымдарда Борбор Азияда Караханид мамлекетинин тушунда пайда болгондугу айтылат. Негизинен Азиядагы жана түрк элдеринин бешиги окшош болгон. Убакыттын өтүшү менен бешикке трансформациялык өзгөрүүлөр кирип, ар башка этностук уруулардын оюу-чиймелери түшүрүлүп, түстөр берилген.

Бешик жасала баштаганда биринчи жыгачынан баштап, бала уктаганга чейинки ар бир кыймыл-аракет каалоо-тилек, бата менен коштолот.

Бешик көчмөндөргө ыңгайлуу болуп, атка өңөрүп келе жатканда оодарылып кетсе да бала жабыркабагандай архитектурада жасалган. Үй шартында да бардык ыңгайлуулуктарды эске алып, энеси оокат менен алектенип жатканда бала кулап калбай тургандай курашкан. "Курт-кумурска жолобосун, жин-шайтандан сактасын" деген ойдо бешикти көбүнчө арчадан жасалганын баалашкан. Мык колдонсо бешиктин өмүрү кыска болуп калат деп бышык жип, териден тилинип жасалган көк менен байлап жасашкан.

Бешик кызга же уулга деп бөлүнгөн эмес, бирок атайы арнап жасоодо кызга же эркек балага мүнөздүү түстөр менен кооздошкон.
Бешиктин жабуулары
Сара — бешиктин эки башындагы ийилген жыгачтар. Анын баш жагына тирөөчтөр коюлган. Анткени эне бешикке салмагын салып эмизгенде тирөөч кармап турат.
Сабы менен кармап терметет. Аны кээде аксакалдардын "аса таягынан" ошолордой өмүрү узун болсун деп жасашкан.
Боортко — баланын тизесин жана төшүн таңа турчу курлар. Ал бөбөктүн буту менен далысын түз кармагандыктан бойдун өсүүсү тездейт.
Күлтүк — баланын заарасы менен заңы түшүүчү идиш. Илгери бул идиштин сырты кийизден жасалып, анын ичине нымдуулукту сактап туруу үчүн кургак күл салынган үкөктү салып коюшкан. Күлдү салып коюу зааранын чайпалып төгүлүп кетүүсүнөн да сактаган. Кийинки убактарда күлтүктү чоподон, жыгачтан жасап калышкан. Азыр айнек, желим буюмдарды пайдаланып калышты.
Олпок — күлтүктүн орду тегерек болуп оюлуп тигилген төшөк. Бешикке пахта, жүн, жибектен тигилген үч олпок салынган. Мурда эң астыңкы олпокко ат кулактын кызыл куурайын салып тиккен. Себеби бала кыймылдаганда желкеси уюбайт. Ар бир олпоктун жибин апалар ийрип жатып ымыркайга каалоолорун айтышкан. Андан сырткары, бала ата-бабаларын эстеп жүрсүн деп согуштан келген аталардын кийимдеринен курап олпок жасашкан.
Жаздык — баланын башына коюлат. Ага да ар кандай маанини камтыган оймо-чиймелерди түшүрүшкөн.
Бут ороо — бөбөктүн бутун түздөп таңат. Бири-бирине тийип тердебесин деп буттарынын ортосуна кичинекей чүпүрөк коюшкан.
Баш ороо — колун түздөп, башына суук тийбеши үчүн ороп коюшкан. Бала аруу зат болсун деген ойдо ал дайыма ак кездемелерден болгон.
Кичинекей кездемелер — күлтүк жакка коюлат. Бала булгап койсо олпокторго тийбейт. Олпоктордун суу болгондон кийин кургашы кыйын экендигин эске алсак, чарчы кездемелер тез-тезден тазалап турганга ыңгайлуу болгон.
Шимек — заара агып, күлтүккө түшүүгө ыңгайлашкан буюм. Шимекти мурун койдун жото жилигинен ортосун оюп жасашкан. Кийинчерээк эркек балага, кыз балага өзүнчө бөлүп жасашкан.
Ала шуру — жашоодогу ак-караны айырмалай билсин, көзү көнсүн деп илип коюшкан.
Коңгуроо — бала ойгонуп кыймылдай баштаганда үн берет. Иш кылып жаткан энеси аны угуп ымыркайына келет. Баланын колун чечип койгондо коңгуроону ойноп алаксып турат. Буга кошуп жалтырак-жултурактарды илип койгон. Анткени назар биринчи балага эмес, ошол шуруларга түшөт деген ишеним болгон.
Кичинекей баштыкча — баланын дене табын бирдей кармап туруу үчүн койдун ич майын салып илишкен.
Бешиктин таманы — термелгенге ыңгайлаштырылып жасалган жыгачтар.

Ал эми андагы байлагыч жиптериндеги чачылар түрдүү түскө боёлуп, жаратылышты таанып билсин деген маанини берген.

Бешикке салуу жөрөлгөсү
1
Жаңы төрөлгөн ымыркайды бешикке бөлөө — кыргыздын илгертен келе жаткан каадасы. Наристе жарык дүйнөгө келгенине жети күн болгондон кийин аны бешикке бөлөшкөн. Бешикти тай тараптан алып келишкен. Ал каада сөзсүз той менен коштолот. Тойдо аялдар чогулуп, аттуу-баштуу, көп балалуу байбиче баланы бешикке салган.
2
Ымыркайды бөлөөрдөн мурда бешикке 9 чүкө салып, баланын жолу оң болсун деп байбичелер "оң, оң" деп күлтүккө чүкөлөрдү түшүргөн. Аны "казынага байлыгы түштү, көп мал союлат экен" деп жорушкан. Чүкөнү баштыкка салып, чоңойгондо ойносун деген максатта бешикке илип коюшкан.
3
Чүкө менен бирге бала кайраттуу, курч, сүрдүү болсун деп балта, колунан камчы түшпөй эр жигит болсун деп камчы, уста болсун деп балка коюшкан. Ал эми кыз баланы чебер болсун деп кайчы, акылдуу болсун деп калем, дегеле түрдүү тилектер менен ар кыл буюмдарды чүкөгө кошуп, "оң, оң" деп күлтүккө түшүрүшкөн же башына коюп коюшкан.
4
Бөлөп жаткан энеге чарчы формадагы боорсок тиштетип коюшкан. Ал сүйлөбөй, ичинен тилектерин айтып бөлөйт. Ошондо бала жоош болот. Ал эми боорсоктун мындай формасы көбөйүүнү түшүндүрөт.
5
Бешикке салып жабууларын жапкандан кийин 7 түрдүү (уйкучу, шайыр, акылман ж.б.) адамдын кийимдерин ошолордой болсун деп жаап коюшкан.
6
Андан соң бешиктеги баланы энеси көтөрүп, артка үч кадам таштап, наристени элдин керегине жараган эр-азамат кылып өстүрөм деп элге убада берип жүгүнөт. Ал учурда эл батасын берген. Бул энелерге чоң жоопкерчиликти арткан. Бешикке салуу жөрөлгөсү бүткөн соң ыраазылык иретинде байбичеге ак жоолук салышкан. Эл арасында бешик ыры ушундан кийин жаралган деп айтышат.
Бешикке байланыштуу ишенимдер
Бала жатып жүргөн бешик сатылбайт
Ымыркайга арналып алынган бешикти колдонгондон кийин акчага сатканга болбойт. Бирөө-жарым сурап келсе, "колдонуп бүткөндөн кийин кайра бересиңер" деген шарт менен берип коюшкан.
Сатып аларда соодалашпайт
Бешикти сатып аларда устанын айткан акчасын берет. Өз кезегинде ал да ашыкча пул сурабашы керек.
Куру терметпейт
Куру терметилген бешик жамандыктын белгиси, баласыз өтүп, наристе токтобой калат деген ишеним жашаган.
Жабуусуз калтырбайт
Бешиктин бети дайыма жабылып турган. Бөбөктүн бетине айдын нуру да төгүлбөшү керек деген ишеним бар. Баса, караңгыда бешикти алып чыкпайт, жылдызга көрсөткөнгө болбойт дешкен.
Баланы сол жагынан бөлөбөйт
Бөбөктү бешиктин оң тарабынан бөлөп, кайра оң жагынан чечип алуу зарыл.
Аттабайт, бут менен терметпейт
Бешик наристе жаткан ыйык буюм катары эсептелгендиктен, аны аттап өтүүгө, тепкенге болбойт.
Экөөлөп көтөрбөйт
Табытты көтөргөн сыяктуу болуп калат деген сактануу менен бешикти эки адам көтөргөн эмес. Ошондой эле аны экөөлөп бир убакта терметпейт.
Бешикке өбөктөбөйт
Наристе жаткан бешикке өбөктөп, күч салган туура эмес. Мындан сырткары, кичине балдардын тебелеп-тепсеп, үстүнө чыгып алып ойноосуна да жол бербеш керек.
Тышка чыкпай тургула
Баланы бөлөп жатканда эч ким сыртка чыкпаш керек. Баланын уйкусун алып чыгып кетет.
Бешикке байланыштуу ырымдар
Баланы чечип алган соң аны куру калтырбай чүкө, бычак, пахта, арча салып коёт. Бул ырым наристе кайра жатканча бешикти коруп турат деген максатта жасалган.
Эгер үйдө наристе катарынан көз жума берсе, бешикти кошо көмүшкөн.

Ымыркай чоңоюп бешиктен чыкканда ороо-чулгоолорун тазалап, бөбөктү бөлөгөндөй кылып ороп койгон. Бул мындан ары да бала үзүлбөсүн деген ырым.

Атасы баласына мээримдүү болсун деп айрым кийимин атайы ороо же жабуу катары пайдаланышкан.
Бешиктин ичине арча түтөтүү оору, илдеттин алдын алат дешкен.

XVIII кылымдын ортосунда түрк элдеринин бешиги бири-биринен айырмалана баштаган. Учурдагы Кыргызстандын жети облусунда жасалган бешиктердин да бири-биринен айырмасы бар экени айтылат. Ошто жасалган түрү менен Нарын же Таластагы уста жасаган бешиктен айырма тапса болот.
Башка улуттарда бешик болгонбу?
Түрк тилдүү калктарда бешиктин негизги функционалдык милдети окшош, бирок оюу-чийүүсү, формасы боюнча бири-биринен айырмаланып турат. Түрк, азербайжан, түркмөн, өзбек эли – "бешик", казактар "бесик" дешери маалым болду.

Азия элдеринин ичинен азыркы күнгө чейин Тажикстандын басымдуу бөлүгү баланы бешикте (гахвора) чоңойтуп келишет.
Дүйнөдөгү дээрлик бардык эл кудум өзүндөй окшошпосо да, ар бир улуттун бешиктей кызмат аткарган баланы жаткырган буюму болгон. Алардын аталышына көз жүгүрттүк.
Монгол тилинде - өлгий
Кытай тилинде - яолан
Корей тилинде - юлан
Япон тилинде - юрикага
Беларус тилинде - калыска
Украин тилинде - калиска
Грузин тилинде - аквани
Болгар тилинде - люлка
Армян тилинде - ороротс
Француз тилинде - берсу
Калмак тилинде - өлгэ
Башкыр тилинде - бишек
Татар тилинде - беллү
Якут тилинде - бихек
Алтай тилинде - кабай
Чечен, ингуш тилинде - ага
Кумык, черкес, карача тилинде - бешик
Ногай тилинде - бесик
Шор тилинде - пежик
Авар тилинде - кини
Даргин тилинде - сири
Табасаран тилинде - кьяб, шинт
Адыгей, кабардин - кушьэ
Лезгин тилинде - кьепина кпел тун
Лак тилинде - киану
Монгол тилинде - өлгий
Кытай тилинде - яолан
Корей тилинде - юлан
Япон тилинде - юрикага
Беларус тилинде - калыска
Украин тилинде - калиска
Грузин тилинде - аквани
Болгар тилинде - люлка
Армян тилинде - ороротс
Француз тилинде - берсу
Калмак тилинде - өлгэ
Башкыр тилинде - бишек
Татар тилинде - беллү
Якут тилинде - бихек
Алтай тилинде - кабай
Чечен, ингуш тилинде - ага
Кумык, черкес, карача тилинде - бешик
Ногай тилинде - бесик
Шор тилинде - пежик
Авар тилинде - кини
Даргин тилинде - сири
Табасаран тилинде - кьяб, шинт
Адыгей, кабардин - кушьэ
Лезгин тилинде - кьепина кпел тун
Лак тилинде - киану
Бешик ырлары
Бешик ыры менен баланы сооротуп, уктатпастан, эне ымыркайдын келечегине жакшы ой-тилекти айтып, келечектүү болсун деген ниетти билдирген. Эне чүрпөсүнө тилегин айтып ырдоо менен өзү да жеӊилдеп, ичиндегилерин чыгарып алган.
Айчүрөк Иманалиева
КРдин эмгек сиңирген артисти, ырчы

Бешик ыры (элдик ыр)
Айчүрөк Иманалиева
КРдин эмгек сиңирген артисти, ырчы

Бешик ыры (элдик ыр)
Алдей, алдей ак балам,
Арка жөлөөр жан балам.
Кунан койдун куйругу,
Бышты жегин жан балам.

Атаң барса айылга,
Куржун толо эт келет.
Энең барса айылга,
Эмчек толо сүт келет.

Кунан койду сой балам,
Куйругуна той балам.
Алдей, алдей ак балам,
Тердик токуур жан балам.

Сал, сал, сал билек
Сары майга мал билек.
Коён кошту кош билек,
Кошкон майга мал билек.

Алдей, алдей ак балам,
Ак бешикке жат балам.
Энекеңди кыйнабай,
Уктап калчы жан балам,
Уктай койчу ак балам.
Алдей, алдей ак балам,
Арка жөлөөр жан балам.
Кунан койдун куйругу,
Бышты жегин жан балам.

Атаң барса айылга,
Куржун толо эт келет.
Энең барса айылга,
Эмчек толо сүт келет.

Кунан койду сой балам,
Куйругуна той балам.
Алдей, алдей ак балам,
Тердик токуур жан балам.

Сал, сал, сал билек
Сары майга мал билек.
Коён кошту кош билек,
Кошкон майга мал билек.

Алдей, алдей ак балам,
Ак бешикке жат балам.
Энекеңди кыйнабай,
Уктап калчы жан балам,
Уктай койчу ак балам.
Гүлнур Сатылганова
Кыргыз Республикасынын эл артисти, ырчы

Бешик ыры (элдик ыр)
Гүлнур Сатылганова
Кыргыз Республикасынын эл артисти, ырчы

Бешик ыры (элдик ыр)
Асманда ай чар тарап,
Тегерете ай жар салат.
Алдей, алдей бөпө жан
Сен да укта магдырап.
Алдей, алдей жаш бөпөм
Сен да укта магдырап.

Сен бөлөнгөн бешигиң,
Ырыскылуу кешигиң.
Алдей, алдей жата кой,
Таттуу уйкуга бата кой.

Таңкы чолпон бата элек,
Таттуу уйкуң кана элек.
Алдей, алдей жаш эрмек,
Уктатайын мен термеп.
Асманда ай чар тарап,
Тегерете ай жар салат.
Алдей, алдей бөпө жан
Сен да укта магдырап.
Алдей, алдей жаш бөпөм
Сен да укта магдырап.

Сен бөлөнгөн бешигиң,
Ырыскылуу кешигиң.
Алдей, алдей жата кой,
Таттуу уйкуга бата кой.

Таңкы чолпон бата элек,
Таттуу уйкуң кана элек.
Алдей, алдей жаш эрмек,
Уктатайын мен термеп.
Гүлзада Рыскулова
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти

"Алдей, алдей", сөзү, обону: Гүлзада Рыскулова
Гүлзада Рыскулова
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти

"Алдей, алдей", сөзү, обону: Гүлзада Рыскулова
Ай балкып жайнайт асманда,
Асылым уктап жатканда.
Аруулап шоола чачырайт,
Арбалып таттуу уйкуңа.

Бешиктеги ай наристем,
Бек болсочу деп мен тилейм.
Элине эмгек өтөгөн,
Эр болсунчу деп мен тилейм.

Алдей, алдей, алдей,
алдей, алдей, алдей жан балам.

Талпынып калса данегим,
Жайнайт го менин карегим.
Ак сүтүм берип балкыдым,
Аман бир өссүн тирегим.

Жарыгым менин чырагым,
Жайнабай кантип турамын.
Жараткан берген белегим,
Данегим менин, данегим.

Алдей, алдей, алдей,
алдей, алдей, алдей жан балам
Ай балкып жайнайт асманда,
Асылым уктап жатканда.
Аруулап шоола чачырайт,
Арбалып таттуу уйкуңа.

Бешиктеги ай наристем,
Бек болсочу деп мен тилейм.
Элине эмгек өтөгөн,
Эр болсунчу деп мен тилейм.

Алдей, алдей, алдей,
алдей, алдей, алдей жан балам.

Талпынып калса данегим,
Жайнайт го менин карегим.
Ак сүтүм берип балкыдым,
Аман бир өссүн тирегим.

Жарыгым менин чырагым,
Жайнабай кантип турамын.
Жараткан берген белегим,
Данегим менин, данегим.

Алдей, алдей, алдей,
алдей, алдей, алдей жан балам
Жийдеш

Бешик ыры (элдик ыр)
Жийдеш

Бешик ыры (элдик ыр)
Уктай койчу бөбөгүм,
Ак бешикке бөлөйүн.
Уктаганча жөлөгүм,
Мээримимди төгөйүн.

Алдей, алдей ак балам,
Ак бешикке жат балам.
Умай энеӊ кайтарсын,
Душманыңды майтарсын.

Түшкө кирип энекең
Мээрим менен таң атсын.
Алдей, алдей ак балам,
Ак бешикке жат балам.
Уктай койчу бөбөгүм,
Ак бешикке бөлөйүн.
Уктаганча жөлөгүм,
Мээримимди төгөйүн.

Алдей, алдей ак балам,
Ак бешикке жат балам.
Умай энеӊ кайтарсын,
Душманыңды майтарсын.

Түшкө кирип энекең
Мээрим менен таң атсын.
Алдей, алдей ак балам,
Ак бешикке жат балам.
Каныкей

"Балама", сөзү: Эсенгул Ибраев, обону: Эсенбек Маданбеков
Каныкей

"Балама", сөзү: Эсенгул Ибраев, обону: Эсенбек Маданбеков
Көлөкөлөп көңүл ачарым,
Берекем деп жарпым жазарым.
Бал татыган балдыр тили бар,
Балам бактым, балам базарым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Балам бактым, балам базарым.

Катылган сыр ойду ачарым,
Каткырыгың көңүл жазарым.
Картайганда арка-бел болор.
Кагылайын орун басарым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Кагылайын орун басарым.

Көңүл төтө кылган медерим,
Көзүмдөгү эки карегим.
Канттан таттуу, гүлдөн жыты артык,
Кандан чыккан асыл данегим.
Алдей ай, бөпөм ай,
Кагылайын орун басарым.
Көлөкөлөп көңүл ачарым,
Берекем деп жарпым жазарым.
Бал татыган балдыр тили бар,
Балам бактым, балам базарым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Балам бактым, балам базарым.

Катылган сыр ойду ачарым,
Каткырыгың көңүл жазарым.
Картайганда арка-бел болор.
Кагылайын орун басарым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Кагылайын орун басарым.

Көңүл төтө кылган медерим,
Көзүмдөгү эки карегим.
Канттан таттуу, гүлдөн жыты артык,
Кандан чыккан асыл данегим.
Алдей ай, бөпөм ай,
Кагылайын орун басарым.
Авторлор
Аксаамай Назарбай кызы, Токтокан Кушубек кызы

Редакторлор
Нургүл Максутова, Таалайбек Ороскулов

Булак
ачык булактар

Консультант
Гулифа Апылаева

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Программист
Петр Панов

Жетекчи
Эрнис Алымбаев
Жаңылыктар түрмөгү
0