Интернетте жол инспекторунун формасын кийген адам Боом капчыгайындагы кафелердин биринде тамактанып отуруп, тамакка ыпыр-сыпыр кошуп салганы тартылган видео тараган. Тасманын каарманы маалыматты четке каккан. Кызматтык иликтөө жүргүзгөн жетекчилик милициянын ага лейтенанты Бакыт Жукалаевди кызматынан бошотту.