Жайында ысыктан, кышында сууктан сактаган ак калпак инфографикада

Жазылуу
Ак калпак кыргыздардын улуттук баш кийими. Аны кийип жүрүү абдан ыңгайлуу. Ал күндүн ысыгынан, кышында сууктан башты жакшы сактайт. Илгери хан шайлаганда анын башына ак калпак кийгизишкен. Бул анын акылы тунук, элине ак эмгек кылсын дегенди түшүндүрөт.
Кыргыздарда калпак тууралуу түркүн макал-лакаптар бар. Мисалы, "Калпакты жерге койбо", "Калпагыңды сатсаң акылыңды сатасың", "Калпагыңды жоготсоң башыңды жоготосуң" жана башкалар.
2011-жылдын 5-мартынан тарта Кыргызстан боюнча Ак калпак күнү белгиленип келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0