Ысык-Атада убактылуу кармоочу жайдан 26 жаштагы шектүү качты. Сүрөтү, белгилери

© AFP / MOHAMMED ABEDАбактагы адам. Архив
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Жазылуу
Качкан киши Ленин айылындагы үйлөрдүн бирине уурулукка кирди деген шек менен 8-октябрда колго түшүрүлгөн.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Ысык-Ата районундагы убактылуу кармоочу жайдан 26 жаштагы Тилек Акматов аттуу шектүү качты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиЫсык-Ата районундагы убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен Тилек Акматов
Сбежавший из изолятора Иссык-Атинского РОВД следственно-арестованный Тилек Акматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Ысык-Ата районундагы убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен Тилек Акматов
Билдирмеге караганда, кармалган адам 10-октябрь күнү эртең мененки саат 07:09дар чамасында качкан.
"Ал Ленин айылындагы үйлөрдүн бирине уурулукка кирди деген шек менен 8-октябрда колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Милиция бул ишти Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган", — деп айтылат маалыматта.
Качкан шектүүнү кармоо ишине Чүй ОИИБдин толук түзүмү тартылып, блокпосттор коюлганы айтылды.
Тилек Акматовдун белгилери: бою 170-175 сантиметр, арыкчырай, чачы кыска, кара. Капюшону бар ак толстовка, кара куртка, башына кара топу, астына кара түстөгү жинсы шым, кара бут кийим кийип жүргөн.
Өзгөчө белгилери: эки ийининде тең жылдыз сымал татуировка, оң колунда татуировка, үстүңкү эрдинде калы бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0