Милиция: Араванда 12 жаштагы өспүрүмдүн киши колдуу болгону аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Жазылуу
Өспүрүмдү медицина кызматкерлерине таякеси жеткирген. Баланы ооруканага алып келгенде жансыз болгондуктан, дароо өлүкканага киргизишкен.
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Ош облусунун Араван районунда 12 жаштагы өспүрүм киши колдуу болуп каза тапты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
2021-жылдын 25-июнунда саат 10:25тер чамасында Араван районунун борбордук ооруканасынан Араван РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө каза болгон өспүрүмдүн сөөгү алып келингендиги боюнча кабар түшкөн.
Бала айнектин жанында турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Чүйдө балдар үйүндө көз жумган Якунин. Экспертизанын жыйынтыгы 29-июнда чыгат
Аталган факт Араван РИИБге катталып, ыкчам-тергөө тобу жана райондук милициянын жетекчилиги барган. Ал жерден каза болгон өспүрүм Араван айылынын 12 жаштагы О. А. аттуу тургуну экендиги, аны саат 10:10дор чамасында таякеси алып келгендиги такталган. Баланы ооруканага алып келгенде жансыз болгондуктан, дароо өлүкканага киргизишкен.
"Баланын сөөгүн карап чыгуу үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Араван райондук соттук-медициналык экспертизасынын экспертинин катышуусу менен текшере келгенде өспүрүмдүн киши колдуу болгону аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде Араван РИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Милициядан кылмыштын бетин ачуу жана шектүүнү табуу боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө иштери жүрүп жаткандыгын кабарлашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0