Жалал-Абадда 13 жаштагы өспүрүм бала жоголду. Сүрөт

© Sputnik / Эмиль СадыровБала футбол ойноп жатат. Архив
Бала футбол ойноп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Жазылуу
Өспүрүм Сузак районундагы чоң энесинин үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Ал үч күндөн бери изделип жатат.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жалал-Абадда 13 жаштагы Жоробек Акимжанов дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Аялдамада турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Бишкекте 20 жаштагы кыз былтыртан бери изделүүдө. Сүрөтү жана белгилери
Белгилери: бою 150-155 сантиметр, ак жүздүү, чачы кыска, кара. Үстүндө боз түстөгү футболка, башында кызыл түстөгү кепка, бутунда ак түстөгү жайкы бут кийим болгон.
Акимжановду көргөн-билгендер болсо (03722) 102, 0555 10 23 05, 0771 93 60 70 номерлерине кабарлай алышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0