Алайда киши колдуу болгон милиционердин артында эки уулу калды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум 2019-жылдын 15-мартынан өмүрүнүн аягына чейин Алай райондук ички иштер бөлүмүндө милициянын аймактык тескөөчүсү кызматын аркалап келген.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Ош облусуна караштуу Алай районунда киши колдуу болуп каза тапкан 32 жаштагы милициянын лейтенанты Нурланбек Эркуловдун артында эки уулу калды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, 28-январь күнү саат 16:30дар чамасында Алай РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кыркол айылындагы Гүлчө дарыясында жашы 30-35тердеги жарандын сөөгү табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн.
ӨКМ кызматкерлеринин жардамы менен суудан алып чыккан учурда ал Алай РИИБинин 32 жаштагы аймактык инспектору Э.Н. экендиги аныкталган.
Футбольный матч ПСЖ — Кан - Sputnik Кыргызстан
Караколдо телеканалда иштеген аял каза таап, сөөгү өз үйүнөн табылды
Маалым болгондой, Нурланбек Эркулов 1989-жылы 27-июль күнү Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айылында туулган. 2010-2011-жылдары Ош шаарындагы № 2024 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. 2019-жылдын 15-мартынан өмүрүнүн аягына чейин Алай райондук ички иштер бөлүмүндө милициянын аймактык тескөөчүсү кызматын аркалап келген.
Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактын айтымында, маркум УКМКнын "Альфа" тобунда да иштеген.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, анын өлүмүнө шектелип үч адам кармалган. Алар Алай районунун Будалык айылынын 54, 32 жана 31 жаштагы тургундары болуп чыкты. 31 жаштагы шектүүнүн мурда Россияда каракчылык боюнча соттолгону белгилүү болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0