Караколдо тез татым өрттөнүп, бир аял көз жумду. Видео

Жазылуу
Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 15:42де толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоодон каза тапкан аялдын аты-жөнү такталууда.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Каракол шаарында тез тамактануучу жайдан өрт чыгып, бир аял көз жумганын ӨКМ кабарлады.
Горький көчөсүндө жайгашкан тез татымдан чыккан өрттү өчүрүүгө саат 15:16да бир бөлүм тартылган. Жалын 15:42де толук өчүрүлгөн.
Тилсиз жоонун кесепетинен көз жумган аялдын ким экени такталууда.
ӨКМ кошумча маалымат берилерин айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0